Бишкек шаарынын башчысы Азиз Суракматовдун кол койгон буйругуна ылайык, мэрияда кадрдык өзгөрүүлөр орун алганын мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, социалдык маселелер тармагын тейлеген вице-мэрликке Татьяна Кузнецова дайындалды. Ал буга чейин Октябрь районунун акиминин орун басары болуп иштеп жаткан. Ал эми транспорт тармагын тейлеген вице-мэр Максим Ситников кызматынан бошотулуп, Октябрь районунун акими болуп дайындалды. Ситниковдун ордуна мэриянын Жер ресурстары боюнча башкармалыгынын башчысы Азизбек Алымкулов дайындалды.
Ал эми Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Уланбек Азыгалиев шаар куруу жана архитектура маселелери боюнча вице-мэр болуп дайындалды.
Октябрь районунун акими Ренат Айтымбетов Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын башчылыгына келди.