Саясатчы Адахан Мадумаров 22-февралда Москва шаарында мекендештер менен жолугушуу өткөрүп, 24-февралда Кыргыз мамлекетине кайтып келди. Бул тууралуу анын жаштар иштери боюнча жардамчысы Мирбек Мунарбек уулу SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтуусунда, саясатчы менен жолугушууга активисттер, Орусиядагы Кыргыз диаспораларынын жетекчилери катышкан.
"Москвадагы мекендештер менен жолугушууда алардын президенттик шайлоодо укугу бузулган жарандардын доо арызын угуп келди. Ошондой эле БШКны сотко берүү жана алардын укуктарын кийинки шайлоолордо коргоо боюнча бир канча иштер жасалды. Эми чет жакта иштеп жүргөн мекендештердин арызы боюнча жакынкы күндөрү БШКнын үстүнөн арыз жазылат. "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын юристтери ушул иш боюнча иштеп жатат. Мындан сырткары Мадумаровдун мекендештер менен жолугушуусунун жыйынтыгында Москвада "Мен макул эмесмин" саясий кыймылынын маалымат борбору ачылды. Аталган маалымат борборуна Орусиядагы мекендештер бардык арыз-муңун ошол жерге билдирип, бийлик өкүлдөрүнө кулак кагыш кылып турса болот", - деди Мирбек Мунарбек уулу.