Архитектор Рахатбек Байтелиев жаңы стадиондун долбоорун сунуштады. Буга чейин БАЭде өткөн Азия Кубогунда кыргыздын курама командасы жакшы натыйжа көрсөтүп, коомчулук тарабынан футболдук жаңы стадион куруу талабы коюлуп, бийлик муну колдогон эле.
Байтелиев ал сөз айтылганы менен, иш жүзүндө эч кандай аракеттер көрүлө электигине токтолду. Мындан улам айтылган пландардын ишке ашуусуна көмөк көрсөтүү максатында стадиондун эскизин иштеп чыккан.
"Мен ФИФАнын стандарттарын окуп, көптөгөн стадиондордун курулушун изилдедим. Андан кийин гана бизге курулса деген имараттын долбоорун иштеп чыктым. Болгону өкмөт стадиондун курулушун колго алса, мен долбоорлоштуруу жаатында акысыз иштеп берүүгө даярмын", - деген ал өзүнүн билдирүүсүндө.
Ошондой эле ал стадион куруу үчүн өтө чоң суммадагы каражатты сарптоо зарылчылыгы жок экенин белгиледи. "Бул үчүн 30 миллион доллардын тегерегинде каражат бөлүнсө жетет" деген архитектор стадиондун сырткы көрүнүшүндө түндүктү көрсөткөн жана Кыргыз өлкөсүнүн желегинин элесин берген.