Бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйыны өтүүдө. Жыйында №296 протоколдук тапшырма тууралуу маалымат угулуп жатат.
Анда депутат Тынчтык Шайназаров саламаттыкты сактоо министринин кызматтык унаасы боюнча кеп козгоду.
"Саламаттыкты сактоо министрлигинде көрүнүктүү иштер болгон жок. Сиздин кызматтык унааңыз катуу талкууга алынды. Буга бир гана депутаттар эмес, эл да нааразычылыгын билдирди. Биздин министрлер иштеген иши менен эмес, минген унаасы менен сөз болуп жатат. Ишиңер жакшы болсо бул кызматтык унааңыз деле билинбей калмак. Учурда "Тез жардам" унаалары жетишпей жатканда минтип кызматтык унаа алууңуз менен коомчулукта сынга кабылдыңыз", - деди Шайназаров.
Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев: "Мен ал унааны өзүм алган эмесмин. Унааны сатып алуу долбоордун алкагында ишке ашкан", - деди.
Эл өкүлдөрү саламаттыкты сактоо министринин кызматтык унаасын сатып, "Тез жардам" унааларын алуу маселесин көтөрүштү.