Бишкекте SUPER TV "Супер баатыр" менен биргеликте социалдык эксперимент өткөрдү.
Анын жүрүшүндө "Супер баатыр" шаар тургундарын мыйзамды сактоого үндөдү. Тагыраагы, көчөдө жол чыракты карабастан кызыл түс күйүп турса да өтүп бара жаткан элди токтотуп, маршруттук таксини аялдамадан эмес, жолдун четинде күтүп тургандарга аялдамага барууну үйрөтүп, отургучтарга бутун коюп отургандарга, андай кылуу туура эместигин айтты.
Ал эми шаар тургундары анын бул аракетин кандай кабыл алышты? Кызыктар менен коштолгон социалдык экспериментти толугу менен төмөндөгү видеодон көрө аласыздар.