Ош облусунун Кара-Суу районунун Талдык айылында жол кырсыгынан жүк ташыган унаанын айдоочусу каза болду. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү кабарлады.
Маалыматка ылайык, кырсык Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там унаа жолунун 54-чакырымында катталган.
"Жол кырсыгы 2-март күнү саат 23:30 чамасында болгон. Анда Алай районунун 26 жаштагы тургуну Ж.Ж. өзүнүн Хово үлгүсүндөгү жүк ташыган унаасын айдап бара жатып рулду башкара албай жолдон чыгып кеткен. Кырсыктан унаа бир нече жолу оодарылып, экиге бөлүнүп кеткен. Айдоочу Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, өзүнө келбей каза болгон. Учурда Кара-Суу РИИБи тарабынан тийиштүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери башталды", - деп айтылат маалыматта.