ЭЛДИК КАБАР: "Ош базарындагы" ашкана менен ажатканалардын жанаша турганын ким көзөмөлдөйт?" дейт окурман

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө байланышкан окурман "Ош базарындагы" ашкана менен ажатканалардын жанаша турганына тынчсызданып жатканын билдирди.

"Бул "Ош базарынын" аймагындагы Павлов көчөсүндө жайгашкан тамактануучу жайлар. Кызыгы аларга ажаткана аралаш жайгашкан. Бир жагында палоо менен самса жасап сатышса, экинчи жагында сары май, каймак, айран жага башка азыктар. Жанында жүргөндөр көнүп калса керек. Бул көрүнүшкө тынчсызданган эч ким жокпу? Жаз келгенде чымын-чиркей көбөйүп, алар да аралашып учуп-конуп жүрө берет", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
sultan.kg
2019-02-27 21:38:55
Ашкана ээсине баары бир да. Соодасы өтсө болду. Чымын конобу, чиркейби. Акча көзүн караңгылатып койгон
+3
Ermekbai
2019-02-27 21:39:30
Ой молодец
+3
bond02
2019-02-28 00:00:35
Чыгып эле кире беришет экен да.
+1
Snejana
2019-02-28 01:23:39
Туалеттин жанында, жыргап пловду жеп отургандарды элестетип кеттим. Сары май, каймакчы...Фууууууу
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан