ЖЫЛНААМА, 1-МАРТ: Жарандык коргоонун бүткүл дүйнөлүк күнү

Бүгүн, 1-март - Жарандык коргоонун бүткүл дүйнөлүк күнү.

1931-жылы бир нече мамлекеттердин демилгеси менен француз медициналык кызматынын генералы Жорж Сен-Поль Парижде Женева зоналарынын ассоциациясын негиздеген. Бул уюм эки же көп жактуу макулдашуулар аркылуу бардык өлкөлөргө коопсуздук зоналарын орнотууну көздөгөн. Кийинчерээк бул ассоциациянын аталышы Эл аралык жарандык коргоо уюму деп өзгөртүлгөн. Ал эми 1972-жылы аталган уюм өкмөттөр аралык уюмдун статусун алган. Учурда ага 53 мамлекет мүчө, 16 мамлекет байкоочу болуп эсептелет. Бүткүл дүйнөлүк жарандык коргоо күнү 1990-жылы бекитилген. Максаты - жарандык коргоо тууралуу маалыматтарды жайылтуу жана улуттук куткаруу кызматтарынын сапатын жакшыртуу.

1-мартка карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан