"Саясатта болгом, учурда да саясатчылардан кем калышпай иштеп жатабыз", - деп бүгүн, 1-мартта маалымат жыйынында ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов айтты.
Мындай жоопту министрдин орун басары "2020-жылы парламенттик шайлоого катышасызбы?" деген суроого жооп берип жатып билдирди.
"Мен убагында саясатта болгом. 2010-жылы парламентке КСДП фракциясы менен келгем. Учурда деле жумушума байланыштуу депутаттар менен тыгыз байланышта иш алып барып жатабыз. Саясатчылардан кем калбай эле иштөөдөбүз", - деди ал.
Буга чейин, тагыраагы, 13-февралда өткөн Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттардын катарынан берилген суроолорунун баарына жооп берип жаткан Курсан Асановго "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Умбеталы Кыдыралиев: "Сиз биздин суроолорго жакшы жооп берип жатасыз, кийинки чакырылышта парламентке келбейсизби?" - деп сунуштаган.
Буга вице-спикер Мирлан Бакиров: "Курсан Асанов өзү деле даярданып жаткандыр", - деген болчу.