Ооруканага кайрылып, бирок эртеси каза болуп калган милиция кызматкери дарыгерлерге кеч кайрылган. Бул тууралуу бүгүн, 1-мартта SUPER.KG порталына ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов билдирди.
"Каза болгон Токмок РИИБинин милиция кызматкери Адилет Акунов 5-январда ИИМдин поликлиникасына саат 17:15те кайрылган экен. Ал дарыгерге "дене боюм тердеп, оозум кургап, кыйналып жатам" деп айтыптыр. Ал күнү ишемби болгондуктан тиешелүү анализдер керектелген. Акуновдун кайрылгандыгы тиешелүү журналдарда катталган. Ички иштер министрлигинин поликлиникасында аны кабыл алган дарыгер анализ тапшырып келүү үчүн республикалык ооруканага жөнөткөн. Бирок Акунов кайра ооруканага келген эмес. Эртеси күнү дарыгер республикалык ооруканага кайрылып, Акунов барган же барбагандыгын аныктаган. Ооруканага кайрылгандын эртеси күнү эле ал каза болуп калгандыгы кабарланган. Маркум гепатит С илдети менен жабыркап жүргөн экен. Азыркы күндө тиешелүү анализдин жыйынтыктары жок ооруканага албайт да. Каза болгон милиция кызматкери кайра ооруканага барган эмес. Бул окуя боюнча кызматтык иликтөө жүрүүдө", - деди ал.