Саясат таануучу Даниел Кадырбеков: "Облустарды өнүктүрүүнү чет өлкөлөргө берүүнү сунуштаган эл өкүлдөрүн шайлоочулар добуш менен жазалашы керек"

Депутат Акылбек Жапаров Кыргыз мамлекетинин облустарын өнүктүрүү вазыйпасын өнүккөн өлкөлөргө бөлүп берүүнү сунуштаганы коомчулукта түрдүү пикирди жаратууда. Анын айтымында, Кыргыз мамлекети эл аралык уюмдардан грант жана насыя түрүндө каржылык колдоо алат, бирок бул каражаттар бардык секторлордун ортосунда бирдей бөлүшүлбөйт.

"Облустарды 6 чоң өнүккөн өлкөгө бөлүп койсок болот. Андан ары майдалап, 40 элчиликке 40 районду берели. Кыргыздар ичибизди тарытпай, ошол облустарга колдоо көрсөткөн Япониянын, Германиянын же Орусиянын желегин илип коёлу", - деди ал жергиликтүү маалымат булактарынын бирине маек берип жатып.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Жогорку Кеңештин өкүлү Кыргыз мамлекетинин облустарын өнүктүрүү вазыйпасын өнүккөн өлкөлөргө бөлүп берүүнү сунуштады. Эгемендүү өлкөгө мындай демилге туура келеби?" деген соболуна саясат таануучу Даниел Кадырбеков жооп берди.

Ал элдин атынан шайланып барган депутаттар мамлекеттин келечеги үчүн ойлонуп туруп сунуш бериши керек экенин айтты.
"Бул нерсени эми акылы жок, аң-сезими токтоло элек адамдын сунушу деп айтсак болот. Мындай эл өкүлдөрүн шайлоо убагында добуш менен шайлоочулар жазалаш керек. Бийликке келе турган адамдар акыл-эстүү болуп шайлоочулардын үмүтүн актоосу зарыл. Ошондуктан келечекте жеңил ой адамдарга добуш бербөө керек экендигинин жакшы белгиси, бул бизге сабак болушу абзел. Жапаров өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп, өзүнүн эч нерсе кылбаганын жана колунан эч нерсе келбегенин моюнуна алды”, - деди Кадырбеков.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Күмөндөр Абылов, жарандык активист Адил Турдукулов, коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев, укук коргоочу Рита Карасартованын пикири бул шилтемеде.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан