Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргыз жерине мамлекеттик сапары менен 28-мартта келет. Бул тууралуу орус өкмөтүнүн төрагасынын орун басары, өкмөт аппаратынын жетекчиси Константин Чуйченко соода-экономикалык кызматташтык боюнча Кыргыз-Орусия өкмөттөр аралык комиссиясынын Бишкекте өткөн жыйынында билдирди.
Белгилүү болгондой, Путиндин мамлекеттик сапары учурунда Бишкекте VIII Аймак аралык конференция өтөт.
Бүгүнкү жыйында вице-премьер-министр, кыргыз тараптан өкмөттөр аралык комиссиянын тең төрагасы Жеңиш Разаков эки тараптуу кызматташтыктын артыкчылыктуу жана келечектүү багыттарынын бири катары соода-экономикалык, инвестициялык өнөр жай жаатындагы өз ара аракеттешүү саналарына басым жасады.
"Биз ата мекендик продукцияны Орусия аймактарына өз ара ташууну ишке ашыруу үчүн аймактар аралык түз байланыштарды орнотуу маанилүү деп эсептейбиз. Буга байланыштуу соода-экономикалык жана инвестициялык байланышты алга жылдыруу боюнча биргелешкен Жол картасын иштеп чыгуу максатка ылайык деп санайбыз. Бул соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты мындан ары карай өнүктүрүүгө дем берет", - деди Разаков.
Константин Чуйченко өз сөзүндө 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча эки өлкө ортосунда товар жүгүртүүнүн кескин өсүшү байкалганын айтты.
"Бул тенденцияны бекемдөө керек. Бүгүнкү жыйындын күн тартибинде бир нече жогорку технологиялык демилгелер бар. Алардын катарында жол-транспорттук кырсыктарга шашылыш жооп кайтаруу тутумун түзүү, электрондук өкмөт жана “Коопсуз шаар” жаатындагы долбоорлор бар. Дагы бир демилге – бул Кыргыз Республикасында күн энергетикасы үчүн жабдууну өндүрүү. Маселелердин көлөмдүү блогу гуманитардык кызматташтыкка тийиштүү", - деп белгиледи ал.
Соңунда Жеңиш Разаков менен Константин Чуйченко комиссиянын 21-жыйынынын протоколуна кол коюшту. Протоколдо экономика, соода, финансы, транспорт, энергетика, курулуш, инновациялар, айыл-чарба, билим берүү, маданият жана саламаттыкты сактоо жаатындагы эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары карай өнүктүрүүнүн маселелери чагылдырылган.