Бильярд боюнча Дүйнө чемпиондугу: Канат Сыдыков менен Дастан Лепшаков мелдештин коло медалын жеңип алышты

Орусияда өтүп жаткан бильярд боюнча Дүйнө чемпиондугунун жарым финалдык оюндары жыйынтыкталды.

Жарым финалга чыккан 4 оюнчунун экөөсү Кыргыз жеринен барган Дастан Лепшаков менен Канат Сыдыков болду.

Сыдыков финалга чыгуу үчүн орусиялык Иосиф Абрамов менен ойноп 6:3 эсебинде жеңилүү ызасын тартып калды. Ал эми Лепшаков молдовалык Сергей Крыжановскийге каршы беттеште 6:5 эсебинде жеңишти тарттырып жиберди.

Жыйынтыгында Канат Сыдыков менен Дастан Лепшаков бильярддын комбинациялык пирамида түрү боюнча Дүйнө чемпиондугунун коло медалын тагынышты. Мелдештин расмий баракчасы билдиргендей, коло медалды жеңип алган оюнчулар 150 миң рубль өлчөмүндөгү акчалай сыйлыкка ээ болушат.

Аталган мелдеш 25-февралдан 3-мартка чейин Орусиянын Ханты-Мансийск шаарында өтөт. Ага катышуу үчүн Орусия, Беларусь, Украина, Казакстан, Азербайжан, Молдова, Монголия, Финляндия, Армения, Грузия, Литва, Латвия, Эстония, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана башка мамлекеттерден 84 спортчу келген.

Дүйнө чемпиондугуна Кыргыз өлкөсүнөн 11 спортчу катышып, алардын алтоосу 1/16 финалга чейин жеткен.

Каныбек Сагынбаев менен Ызат Ратбеков 1/16 финалда атаандаштарына уттуруп жиберсе, Арсен Каленбаев менен Азиз Мадаминов жарым чейрек финалда жеңилүү ызасын тартып калышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
oscar
2019-03-02 20:17:02
Каап
0
baktybek90
2019-03-02 21:59:52
Жаман емес коло медалда ийгилик алтын уткула еми
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан