Сүлүктү шаарында Мамлекеттик туу күнүнө карата жөө жүрүш өттү

Бүгүн, 3-мартта Сүлүктү шаарында Мамлекеттик туу күнү белгиленди. Иш-чара Сүлүктү шаарынын борбордук көчөсүндө жөө жүрүш менен башталды.

Ага шаар мэри Рахманберди Абдыназаров баш болгон мэриянын кызматкерлери, шаардык кеңештин депутаттары, мекеме-ишканалардын жетекчилери, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, студенттер, окуучулар жана жергиликтүү тургундар катышты.

Борбордук аянтта шаар башчылары Мамлекеттик туунун кабыл алынышы тууралуу айтып, мааниси жана турмушубуздагы орду жөнүндө сөз сүйлөштү. Салтанатка жалпысынан Сүлүктү шаарынын 800дөн ашуун жашоочулары жана эмгекчилери катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ilbirs
2019-03-03 22:15:49
Жашасын кенчилердин шаары!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан