2-декабрь күнү төрөлгөн адамдар кичи пейил, ак көңүл, боорукер болушат. Алар ар дайым жакын адамдарына жардам берүүдөн тажабайт. Сезимтал болгондуктан кандай кырдаал болбосун баарын сезип, боор тартып турушат.
Ошондой эле ушул күнү жарыкка келген адамдар шайыр, ачык жүргөндүктөн адамдар менен бат тил табышып, аралашып кетишет. Алдына койгон максатына жетүүгө, ийгиликке жетүүнүн жолун табууга болгон аракетин жумшайт. Алар жалгыз иштөөнү жактырышпайт, команда менен бирге иштөөнү каалашат.