Словакияда өтүп жаткан мелдеште кыргыз спортчулары жалпы 9 медаль утуп алышты

Словакияда өтүп жаткан мелдеште кыргыз спортчулары дагы 6 медаль утуп алды. Бул тууралуу Сууда сүзүү федерациясы кабарлады.

Белгилүү болгондой, Кыргыз өлкөсүнүн капчыгында жалпысынан 4 алтын, 4 күмүш жана 1 коло медаль болду.

"Словакияда өтүп жаткан сууда сүзүү боюнча эл аралык мелдеш жыйынтыкталды. Мелдештин экинчи күнүндө Елизавета Рогожникова 50 метр аралыкка сүзүүдө коло медалды жеңип алса, Денис Петрашов 200 метр аралыкка сүзүүдө алтын байгени багындырды.

Мелдештин 3-күнүндө өлкө капчыгына Владислав Шулико 100 метрге сүзүүдө 1 алтын, 200 метрлик дистанцияда Рогожникова 2 күмүш жана Петрашов 50 метрлик дистанцияда 1 алтын медалды алып келди", - деп айтылат маалыматта.

Аталган мелдеш 1-марттан 3-мартка чейин Словакиянын борбору Братислава шаарында өттү. Алгачкы күнү кыргыз жеринен барган спортчулар 1 алтын жана 2 күмүш медаль утуп алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан