Жогорку Кеңештин төрагасынын ката жазылган каты боюнча түшүндүрмө берилди

Жогорку Кеңештин аппараты өткөн аптада социалдык түйүндөрдө тарап кеткен документ боюнча иликтөө иштерин жыйынтыктады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирүү таратты.

"Тилекке каршы, аталган документте чындыгында одоно каталар орун алган. Айрым маалымат булактарында белгиленип жаткандай, бул катты Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков өз колу менен жазган эмес. Тиешелүү бөлүмдүн кызматкери даярдап, төраганын колу анын жардамчысы тарабынан факсимиле (так өзүндөй кылып кол жазманын сүрөтүн түшүрүү) жолу менен коюлган. Жогорку Кеңештин жетекчилигине күнүнө жүздөгөн документтер кол коюуга жөнөтүлөт. Алардын арасында сунуш берүүчү мүнөздөгү жөнөкөй документтерге көпчүлүк учурда факсимиле жолу менен кол тамга басылат. Убакыттын тардыгынан улам төрага мындай документтерге кол коюуда өзүнүн жардамчыларына жана адистерге таянат. Аталган кат боюнча кемчилик кетирген кызматкерге карата тиешелүү жаза колдонулмакчы", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
futboler
2019-03-04 13:39:12
Чала сабат кызматкер жазган да, Жогорку Кеңеш болсо эле ал жерде периштелер иштешет деп ойлобогула, мага окшогон, сага окшогон эле адамдар алар деле. Аппарат кызматкерлери да бир текшерип анан жарыяласа болмок.
+5
mr.sher
2019-03-04 13:39:37
Ким болсо да уят.
+5
Bektur2011
2019-03-04 14:14:27
аны ошол ким жазган болсо ошол жооп бериш керек спикерге алып келди да кол койуп бериниз деп
+2
nerrazuri
2019-03-04 14:58:17
Bektur2011, Документ негизинен жетекчиге окуп коруп туура корсонуз кол коюуп макулдугунузду бериниз деп берилет. Бул жерде жазганда эмес Спикерде чон куноо. Кол коёрдон мурда карап окуп катасы болсо кайтарыш керек болчу. Шадиевке окшоп коп документтин арасында корбоптурмун деп кол коё берсе Мамлекетти жок кылатко булар.
+6
EEsennnn
2019-03-04 14:25:00
Катаны караш керек да эл баштары ушуну кылса билбейм.
+4
aliya-leyla
2019-03-04 15:02:35
Мына сага откондо Фотошоп деп атышат эле. Бир сайттан окуган элем
+1
Altyn2017
2019-03-04 15:19:53
Азыркы Чиновниктердин чыныгы жүзү.Не грамотныйлар
+4
Azat.97
2019-03-04 15:33:44
Жинин келет да коруп алыпчы.Сокеси баш болуп бут не грамотныйлар
+2
bond02
2019-03-04 16:59:43
Кайсы мектепте окушту экен.
+2
futboler
2019-03-04 17:40:41
bond02,коридордо
+1
Skarlett-Skarlett
2019-03-05 08:42:52
futboler,Уят эле,креслону бошоткула улуу урматтуу сабатсыздар!
+1
Baatirbek81
2019-03-04 18:58:21
Спиерге 0.1койдум олтур
+1
Komrad
2019-03-05 11:07:04
Озун жазгансын го, озун..
0
Time76
2019-03-05 11:31:12
Жөн эле жөнөкөй кызматкерге шылтап коюшат. Биринчи жетекчиге көргөзүп, анан кол коюлат да, факсимиле болсо дагы. Спикердин өзү сабаттуу жаза алат бекен, автобиографиясы актай барак эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан