Бишкек жана Чүй өрөөнүндө 3 саат аралыгында катуу шамал болот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, катуу шамал 5-мартка караган түнү болжол менен секундасына 15-20 метрге жетет. Мындан улам министрлик жарандарга сак болууну эскертет.
Бофорттун шкаласы боюнча секундасына 17-20 метр ылдамдыкка чейин жеткен шамал жеңил конструкцияларды, айрым чатырларды учуруп, бак-шактын сынып кулашына алып келет.