Өкмөттүн Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев кызматынан бошотулду

Өкмөттүн Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Абиш Халмурзаев башка жумушка которулгандыгына байланыштуу кызматынан бошотулган. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Буга чейин өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы анын кызматынан бошотулганын же бошотулбаганын билбегенин айткан.

Халмурзаев аталган кызматка 2016-жылдын июль айында дайындалган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан