Ош облусунун Кара-Суу районунун унаа жолунда жол кырсыгы катталып, бир жүргүнчү каза болду. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 2-март күнү саат 02:15 чамасында болгон.
"Дэу Тико үлгүсүндөгү унаа менен БМВ унаасы сүзүшүп, кырсыктан бир жүргүнчү каза болгон. Дэу Тико үлгүсүндөгү унааны 51 жаштагы Т.Т. айдап бара жатса, ал эми БМВ унаасын 38 жаштагы С.Р. башкарып бара жаткан. Эки унаада жалпы 3 жүргүнчү болгон. Алган жаракатынан улам бир жүргүнчү каза болуп, калган жарандар Кара-Суу райондук ооруканасына жеткирилген", - деп билдирет аталган бөлүмдөн.