Ош облусунун Ноокат районунда эки жеңил унаа сүзүшүп, бир айдоочу каза болду. Маалыматты облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 30-сентябрь күнү Ноокат районунда болгон. Анда 22 жаштагы жаран өзүнүн Мерседес-Бенц унаасы менен Кызыл-Кыя шаарына бара жатып, каршы тилкеге чыгып кеткен. Анын кесепетинен ДЭУ Нексия унаасы менен сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен ДЭУ Нексия унаасынын айдоочусу ооруканада эсине келбей каза болгон.