Талас облусунда жол кырсыгы катталып, эки адам каза болду. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 2-декабрь күнү Талас районунун Кара-Ой айылында болгон.
"Хонда Степвагон унаасы Бишкекти көздөй келе жатып, кырсыкка кабылган. Кырсыктын кесепетинен эки жүргүнчү каза болуп, 3 адам ооруканага жеткирилген. Учурда кырсык боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат", - деп билдирет басма сөз кызматынан.