Бишкекте "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерин унаа сүзүп кетип, ал каза болуп калды. Маалыматты SUPER.KG`ге маркумдун кесиптештери тастыктады.
Маалыматка ылайык, кырсык 14-март күнү болгон.
"Окуя кечээ саат 20:00 чамасында Биринчи Май районундагы Профсоюзная көчөсүндө болду. 36 жаштагы кесиптешибиз каза болуп калды. Анын артында 3 баласы калды. Унаанын айдоочусу милиция кызматкерлери тарабынан кармалды", - деди кесиптеши.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматкери Тилек Оторов аталган маалыматты тастыктап, толук маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.