Ысык-Көлдө эки унаа сүзүшүп, айдоочу каза болду. Анын үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү ооруканага жеткирилди

Ысык-Көл облусунда жол кырсыгы катталып, бир айдоочу каза болду. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 31-мартта Балыкчы-Ананьево жолунда катталган. Тактап айтканда Жаркынбаев менен Өрүктү айылында болгон.

"Бишкек шаарынын тургуну 40 жаштагы Ж.С. өзүнүн БМВ Х5 үлгүсүндө унаасы менен чыгышка карай бара жатып Мерседес Бенц унаасы менен сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен БМВ Х5 унаасынын айдоочусу каза болду. Ооруканага маркумдун аялы, 10 жаштагы кызы, 9 жаштагы уулу жана 44 жаштагы дагы бир жүргүнчү жеткирилген. Ал эми Мерседес Бенц унаасынын айдоочусу жабыркаган эмес, ага биринчи жардам көрсөтүлгөн соң үйүнө жиберилген. Учурда бул кырсык боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери башталды", - деп айтылат маалыматта.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан