Ирина Карамушкина Атамбаевге карата жасалып жаткан иштер анын саясаттагы таасирин жоготуу деп баалады

Бүгүн, 5-мартта КСДП Иса Өмүркуловдун билдирүүсүнө жооп кайтаруу үчүн маалымат жыйынын өткөрүштү. Жыйында КСДПнын төрагасынын орун басары Ирина Карамушкина президент учурда болуп жаткан иштер жана жолугушуулар тууралуу кабардар экенин айтты.

Карамушкина Атамбаевге карата жасалып жаткан иштер анын саясаттагы таасирин жоготуу деп баалады.

"Атамбаевдин 6 жылда түзгөн кадыр-баркына доо кетип жатат. Атамбаевге Асылбек Шарипович менен Сооронбай Шарипович кыянаттык кылышты. КСДП фракциясында Атамбаевди колдогон 4 гана депутат калды", - деди Карамушкина.

Ал эми КСДПнын төрагасынын орун басары Асел Кодуранова азыркы учурда Кыргыз мамлекетинде 2 партиянын тарыхы чоң экенин айтып, бул КСДП жана "Ата Мекен" экенин билдирди.

Ошондой эле Кодуранова бул билдирүүсүндө сөз президент жөнүндө болбогонун эскертти.

"Биз президент партияны басып алганы жатат деп айткан жокпуз. Анткени ал КСДПнын мүчөлүгүнөн чыккан. Өлкө башчы жөнүндө сүйлөгөн туура эмес", - дейт ал.

КСДПнын өкүлдөрү Иса Өмүркулов мындай ишти жалгыз жасай албастыгын айтышып, анын артында бийликтин кишилери турганын белгилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан