Тандырга нан жаап интернет жылдызына айланган Зияда Халидова: “Видеонун тарап кеткенин көрүп уялдым”

Интернет айдыңында апасы жокто отургучка чыгып алып тандырга нан жапкан кыздын видеосу тараган. Аз убакыттын ичинде интернет жылдызына айланган Зияда Халидованы таап, байланыштык. Телефон чаларым менен “Ассалому алейкум” деген сөздү угуп, кичинекей бала окшойт дептирмин. Көрсө, Зияданын өзү экен.

- Кандайсың, Зияда? Кайсы жакта турасың? Канчанчы класста окуйсуң?
- Мен Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында жашайм. Үйдө 5 бир тууганбыз, 2 агам, 2 иним бар. Учурда 5- “в” класста окуйм, жакында 12 жашка чыгам.

- Жакшы экен. Интернетке тараган видеоңду көрдүңбү? Тандырга көптөн бери нан жаап жүрөсүңбү?
- Ооба, видеону көрүп аябай уялдым. Чынында, ошондо биринчи жолу тандырган нан жапкам. Нандарды жаңы жармаштырып баштаганда кошунабыз келип телефонуна тартып алган болчу. Интернетке ошол эже чыгарса керек. Ага чейин апамдын нан бышырганына кызыгып, байкап жүрчүмүн. Апам батага кеткенде жасап көрөйүнчү деп, халатын кийип алып нан жаптым. Батадан келгенде апам нанымды көрүп аябай таң калды, мактады.

- Анан нандарың көңүлүңдөгүдөй болдубу?
- Жакшы эле болду.12 даана болчу, анын экөө түшүп, бирөөсү бышпай калды. Нанды биринчи жапкандыктан бети менен түбүн алмаштырып, сейдана шыбаган бетин тандырга жабыштырып, тескери бышырып алыпмын. Ошондуктан баарынын сейданасы артында болуп калды.

- Нандан башка да тамак жасайсыңбы?
- Ооба, апам бир жакка кеткенде агам менен инилериме картошка кууруп берем, ширин күрүч, макарон, аш жасайм. Жакында пирог жасаганды үйрөндүм. Апам үйдө жок болуп калса бир туугандарыма пирог бышырып берем.

- Келечекте ким болгуң келет?
- Келечекте элиме кызмат кылгым келет.

- Кантип кызмат кылайын деп жатасың?
- Армияга баргым келет. 11-классты бүткөндөн кийин институтка тапшырып, аны аяктагандан кийин армияга барам. Анан да үйдөгүлөр “доктур бол” деп жатышат. Армияга баргандан кийин доктур болом го...

- Рахмат маегиңе, Зияда. Тилегиңе жет!

Тандырга нан жапкан секелек кыз
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (26)
Pchelka85
2019-03-06 19:37:49
Иий ананайын.. армияга барам деп.. анан армиядан кийин доктор болом деп. Кудайым ойлогон ой максат, тилектерине жеткирсин... денсоолугун чын болуп, бактылуу кыз бол)))))
+18
anara870693
2019-03-06 19:41:56
Молодец, кийин чонойгон кыйын тын кыз болот!!! Аман эсен чоное бер!!!
+17
Romantik.
2019-03-06 19:45:05
Сулуу кыз экен
+14
murat17
2019-03-06 20:21:50
Омурлуу бол садага
+15
Jyna
2019-03-06 20:29:18
Соонун мээнеткеч кыз экен. Мен да 7-классыман жапкам нан тандырга колдоруму күйгүзүп.
+13
bond02
2019-03-06 21:02:11
Чонойсо аябай сулуу кыз болот да.
+13
daniel87
2019-03-06 21:07:26
Бактын ачылсын Укам, келечегин кен болсун, тилегине жет, уялба сен мыктысын! Конфдогу акылдууларга бактылуулук каалайм, ошол нерсе жетиштуу болсо калганы онолот (акылы, ыйманы, ыманы, билим и, илими).
+12
mirbek2211
2019-03-06 22:10:44
Сандарды айтканы эле озбек тилинде болбосо калганы кыргызча эле болуп турбайбы, силерди озбектер менен суйлоштуруп коюш керек экен ошондо ким кыргыз ким озубек билесинер, ошол кыз жашап чоноюп жаткан жердеги элдер кандай суйлосо ал да ошондой суйлоп чоноёт да, мунун баарын диалекти дейт , билип туруп билгинер келбейтго чиркин, жээрийсинер жон эле, озунчо эле улутчул болгондор.
+17
Aibyikem
2019-03-06 22:46:29
Диалект деген тушунукторго акыл-парасаты жетпегендерге балли!Кандай суйлосо да анча-мынча ообу жоктордон мин эсе ойдо, журогу таза наристе экен. Коз тийбесин, аман болсун.
+16
Firdaus-Muslim
2019-03-06 23:07:39
Кыргыздын кыздарды үлгү алгыла!
Жаш болсода тиричиликке тың кыз экен, бактылуу кыздардан болуп, колу дарт көрбөсүн.
+14
ainura220888
2019-03-07 01:57:09
Коздору жайнаган сулуу кыз экен. Бактылуу, омурлуу бол!
+7
Aikan1966
2019-03-07 11:12:05
Омурун берсин бактылуу кыздардан бол,азамат.
0
mira28
2019-03-07 11:49:39
Чыныгы сулуулугу бар кыз экен.Азаматсын.
0
boston___
2019-03-07 17:10:22
жылдыздуу кулуп жайнаган кызкен кулуп журобюер ар дайым
0
deva
2019-03-08 09:12:43
Бактылуу бол, тилегиңе жет!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан