Өткөн дем алыш күндөрү мугалимдердин айлык акыны көтөрүү тууралуу билдирүүсү WhatsApp аркылуу таратылган. Кайрылуу Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын атына жазылган.
Анда "мектептеги мугалимдердин материалдык абалынын төмөндүгү окуучулардын алдында даражасын түшүрүп, жакшы билим берүүгө эмес, башка жактан акча табууга, алагды болууга алып келүүдө. Материалдык жактан койгула моралдык жактан басым, башкача айтканда, "окуучуну урушпа", "ээн эркин кой", "начар баа койбо" деген талаптар болот. Мугалимдер окутуу-методикалык куралдар менен камсыздоо жагынан да жардам алышпайт. Бат-баттан келген текшерүүлөр бар. Мугалимдер формалдуу отчётторду жазуу, ар кандай мааракелерге карата сүрөт чыгарып, видео жасоо, район-облустарга бокс-файлдарды жөнөтүү менен алек" деп жазылган.
Кайрылуунун сүрөтү менен кошо мугалимдин сүйлөгөн сөзү аудио түрүндө дагы тараган. Анда март айында мугалимдердин айлык акысы көтөрүлбөсө тынчтык митингине чыгуу жөнүндө сөз болгон. Бул боюнча Жети-Өгүз райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Гүлзат Абдыкадырова төмөнкүлөрдү билдирди.
"Кайрылуу тараган күнү УКМКнын райондук бөлүмү тарабынан маалыматтар текшерилген. Кайсы мугалим сүйлөгөнү аныкталган. Андан соң райондук администрация башчысы, социалдык блок боюнча акимдин орун басары, мектеп директорлорунун катышуусунда чогулуш болуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Кайрылуулар дагы мыйзам чегинде болушу керектиги айтылды. Директорлор өз учурунда мугалимдер менен сүйлөшүү иштерин жүргүзүштү. Мугалимдерге Эмгек кодекси жөнүндө маалымат берилди. Тараган кайрылууга эч ким кол койгон эмес эле. Эми мугалимдер мыйзам чегинде жергиликтүү бийликке кайрылуу жолдогону жатышат", - деди Гүлзат Абдыкадырова.
Ал эми Ош облусунун Өзгөн районундагы мектептердин биринин мугалими да айлык акынын аздыгы тууралуу айтып, канцелярдык товарларды сатып алууга да көп каражат кетерин билдирди.
"Мугалимдердин айлык акысы аз, иштөөгө шарты жок. Ноутбук пайдаланууга мүмкүнчүлүк көбүндө жок, кагаз иштери көп, класстык, тарбиялык журналдар класс жетекчилерине сатылат. Мындан сырткары майда, бирок каражатты талап кылган чыгашалар бар. Акыркы методдор менен сабак өтүү үчүн ноутбук керек, кызыктыруу үчүн чоң көлөмдөгү кагаздар, маркер, скотч, клей, стикер алыш керек. Баарынын баасы 30 сомдон 50 сомго чейин. Эми талдап көрүңүздөр, жогорку билимдүү жаш мугалим берген сабагынын сааты 18-20га жетсе айына 5 000-6 000 сом айлык акы алат. 5-10 жыл тажрыйбасы мугалимдер 8700-9000 сом алат. Бул акчаны мугалим сабак өтүүгө жумшайбы же балдарын багып, кийим-кечесине жумшайбы? Билим берүү министрлигинин айлык акынын эң азы 13 000 сом дегени - бул жомок. Мамлекеттик кызматтагы жетекчилер жалган айтып, биздин укугубузду коргобой, кайра тебелеп жатышпайбы", - деди ал.