Бүгүн, 7-мартта "Дүйнөнүн мыкты тай боксчусу" мушкер Валентина Шевченко 31 жашка толду. Ал 1988-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн.
Ал тай боксу жана К-1 версиясы боюнча Дүйнөнүн 17 жолку чемпиону, тай боксу боюнча аялдар арасында Дүйнөнүн мыкты спортчусу наамынын ээси. UFС уюумунун 62 килограммга чейинки салмак категориясынын рейтингинде 1-орунда турат.
Апасы Елена Шевченко таэквондо менен машыккандыктан кыздары Валентина менен Антонина дагы спортко жакын болуп өсүшкөн. Валентина 5 жашында спорттун ар кайсы түрү менен машыгып, 6 жашынан эле мелдештерге чыга баштайт.
Кийин Павел Федотов аттуу машыктыруучу алып, аны октон күлүк, темирдей катуу кылып тарбиялап чыккан.
Валентина Шевченкого муай тайдан Кыргыз өлкөсүндө, Азияда атаандаш жок болуп калган. Кийин Валентина Шевченко дзюдо боюнча "Кыргыз Республикасынын Спорт чебери" аталган. Эркин күрөш боюнча көп мелдештерде байгелүү орун алган. Атактуулуктун арты менен түрдүү семинарларга, сыйлуу жайларга чакырыла баштаган. Ошондой деңгээлге жеткен соң каарманыбыз Орусияга жөнөп, кийин бокс боюнча айымдар арасында "Орусиянын чемпиону" аталган. Анан семинарлардын биринде Перудан баш тартылгыс сунуш түшүп, ошол өлкөгө аттанган. Учурда Перу өлкөсүндө машыгат. Таймаштарга Перунун жана Кыргыз мамлекетинин желектерин көтөрүп чыгат.