Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абировдун 8-Мартка карата айымдарга тараткан куттуктоо баракчасы эркек кишилерге да таратылып кеткени социалдык тармактарда талкууга алынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын жардамчысы Бектур Бакытбеков маалымат берди.
Ал Жаныбек Абировду жаманатты кылгысы келгендер куттуктоо баракчасына эркек кишинин атын да жазып коюшканын айтты.
"Жаныбек Абиров бизге 8-Март майрамынын урматына айымдарды бирден куттуктоо кагазы менен болсо да куттуктап коёлу деп тапшырма берген. Бул тапшырманы аткаруу үчүн бир айдан бери айымдардын 10 миңге жакын тизмесин чогулттук. Куттуктоо кагазын жасатууга Абиров өзүнүн чөнтөгүнөн акча чыгарды. Бир жумадан бери тизмедеги айымдарды колго жазып чыктык. 2-3 күндөн бери алардын ар биринин үйүн кыдырып тараттык. Жетишпей баратканда көчө комитетине бердик. Силер кайсы айымдарга берүүнү билесиңер, ошолорго берип коюңуздар деп. Ошолордун арасынан бирөөсү эркек адамдын ысымын жазып коюптур. Мындай кадам Жаныбек Абировду жаманатты кылуу үчүн жасалган. Аны ким жазганын билдик, ага карата чара көрүлөт. Кантип эле Жаныбек Болотбекович эркек адамды куттуктасын?" - деди Абировдун жардамчысы.