Бишкек ШИИББи дааратканада жатып калган 4 баланын спайс чекпегенин маалымдады

6-мартта интернетке 4 адамдын ажаткананын ичинде жатканы тартылган видео тарады. Интернет колдонуучулары окуя Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетинин ажатканасында болгонун, алар спайс чегип алганын жазышкан.

Бул боюнча бүгүн, 7-мартта Бишкек шаардык милициясы териштирүү иштери жүргүзүлгөнүн маалымдады. Маалыматка ылайык, окуя ушул жылдын 8-февраль күнү саат 15:00 чамасында болгон.

"Ал күнү Бишкектеги Биринчи Май райондук милиция бөлүмүнө Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетинде 4 адам өзүн жакшы эмес алып жүргөнүн айтып чалышкан. Ал жерге келген милиция кызматкерлери чын эле башкача кылык-жорук жасаган жигиттерди көрүп, "Тез жардам" чакырышкан. Андан кийин текшерүү жүргүзүлүп, алардын организминен баңги заты жана алкоголь табылган эмес. Балдар өздөрү адамды алсыздандыра турган таблеткаларды ичкенин айтып беришкен", - деп айтылат ШИИББдин маалыматында.

Интернетке спайс чегип алышкан делген студент балдардын видеосу тарады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Abdizhapar
2019-03-07 14:12:41
Текшергендер кичине кудайдан корксонор боло байдын балдары болсо ушинтип койдунар да таблетка ичкен деп
+15
33SUUN
2019-03-07 14:14:59
Жаш баланы алдагандай эле болуп калыптыр бул жагы.Кучтуулордун балдары экен текшергенден корктук деп ачык эле айтышпайбы.
+14
bond02
2019-03-07 14:16:21
Окуу жайдын администратору «басып» койду да.
+7
madina.87
2019-03-07 14:18:40
Ал окуу жайга тааныш билиши күчтүү, жана чоңдордун балдары окуйт.Аркаларын жаап коюпсуңар жакшы. Канча сомдон алдыңар???
+10
Dembele84
2019-03-07 14:39:34
Баары алсыздандыра турган таблетка ичип туалетке жатып калмак беле.?Эмнеге ичмек эле алсындандыра турган даарыны?Жон эле калпты урдура бербегилечи айланайындар !!!
+11
katerina.li
2019-03-07 15:00:08
Ой тобооооооо. Ой тобоооо дегенден башка соз жок
+7
katerina.li
2019-03-07 15:00:50
Кийин ушу балдар сот,прокурор,тергоочу болуп иштешет .ошондо коргулукту эл корот булардын азабын
+10
meku89
2019-03-07 15:06:34
Өзүн өзү алсыздандырган таблетканы эмне максат менен ичмек эле? Жөн кичинекей 5 жашар балага айтылчу калпты айтыпсыңар. Мына Кыргызстандын келечеги!!!
+8
haydarkan
2019-03-07 15:36:14
Койгулачы ээ жомокту оозунарды жакшы эле майлаганго ээ мейли бироо ичсин ал иаблетканы мейли экоо ичсин а мейли тортоо ичсин кантип эле тортоо бир убакта бир жерде ооруп жатып калышат кок мээлер же бироон коруп калганын оорусу башталып кеттиби?? Анегдотко
+9
BekAmir
2019-03-07 15:57:10
Ха ха ха ишендик
+3
Zidan2
2019-03-07 16:11:42
Баралгин ичсе керекда. Ал жакта окуган братан айткан,чегип алып кармалып,отчисления болду деп. Бул видео тарай электе эле
+2
ikitaidesu
2019-03-07 17:57:51
Расса таза иштеп, ушул шылтоону ойлоп таптынарбы
+3
Komrad
2019-03-07 18:02:32
Жооп бербей эле койсонор болмок экен.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан