"Германиядан алган гранттык каражаттын Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу кайра жарандарга үстөк пайызы менен насыяга берилгени туура эмес", - деген пикирин бүгүн, 7-мартта Жогорку Кеӊеште депутат Улукбек Ормонов айтты.
Мындай пикирин эл өкүлү Кыргыз өлкөсү менен Германиянын ортосундагы финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашууну жана техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун кароо учурунда билдирди.
Белгилүү болгондой, Германия өкмөтү эки тараптуу техникалык жана финансылык кызматташтык үчүн 40 миллион 100 миң евро өлчөмүндө гранттык каражаттарды берүүнү убадалаган, анын ичинде 21 миллион 100 миң евро техникалык кызматташтык долбоорлоруна бөлүнөт.
Экономика министри Олег Панкратов: "Гранттык каражаттын 8 миллион 500 миң евросу эконом-класстагы социалдык турак жайлардын курулушуна жумшалат. Социалдык турак жайларды өлкө аймагындагы 20 шаарда куруу долбоору пландаштырылууда. Ал үчүн алар Мамлекеттик ипотекалык компания менен келишим түзүшү керек. Азырынча 7 шаар менен ушундай келишим түзүлдү", - деди.