Биз социалдык тармакта

Месси Аргентина курамасынын жетекчилиги менен байланышын үздү

Аргентиналык футболчу Лионель Месси өлкөнүн футбол ассоциациясынын жетекчилиги менен бардык байланыштарын токтотту. Бул тууралуу A24 басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, буга АФАнын президенти Клаудио Тапиянын футболчунун сүрөтүн уруксатсыз түрдө сыранын жарнамасында колдонгону себеп болгон. Месси Michelob бренди менен эксклюзивдүү келишим түзгөн.

Ошондой эле футболчу өзүнүн урматына уюштурулган коштошуу аземине нааразы болгон. Иш-чара учурунда үн жабдууларында көйгөйлөр жаралып, дрондордун шоусунда Месси топту оң буту менен тепкендей көрсөтүлгөн.

Бул жагдайлар футболчунун нааразычылыгын жаратканын басылма белгилейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан