Аялдар кесип ылгабайт. Алар ар бир иштин жоопкерчилигин сезип иштеп келишет. Коомдо курал кармап, кооптуу жумушту аткарып келген кесиптин ээлери - бул абакта иштеген айымдар. Жумуштун оордугунан дагы жоопкерчилик башкы орунда деген Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматтын кызматкер айымдары SUPER.KG порталына темир тор артындагы кызматынын күңгөй-тескейин айтып маек курушту.
Новопокровка айылындагы №3 түзөтүү мекемесинин кызматкерлери Дилбара Тюлебаева менен Мээрим Убайдылдаеванын жумушу абактагы жарандарга жолугушууга келген жакындарын кабыл алып, алып келген азык-түлүктөрүн текшерүү менен башталат.
Сырттан кирген ар бир буюм же тамак-аш катуу текшерүүдөн өтөт. Андан соң кээ бир келген жарандар темир тор артында отурган жакындары менен жолугууга уруксат алат. Бул үчүн дагы бир канча текшерүү жүрүп андан соң гана жолугушууга уруксат берилет. Жумуштун жакшы да, жаман да күндөрүнө чыдап келген Дилбара Тюлебаева бул кызматты өзү жакшы көрүп тандаганын айтат.
"Биз аялзатыбыз, бирок ошол эле убакта колубуздан бардык нерсе келе турган жанбыз. Менин бул кызматта иштегениме он жылдан ашты. Бул жактагы соттолгон адамдар деле биз сыяктуу. Жакшы мамиле менен бир ишти түшүндүрсөң, түшүнүп андан ары иштерин кыла берет. Бул жактан жүрөк үшүн алган окуяларды көрө элекмин. Мен үчүн бул кызмат ардактуу жана сыймыктуу", - дейт ал.
Ал эми Мээрим Убайдылдаева иши тууралуу төмөнкүлөрдү айтты.
"Он жылдан бери абакта, кылмышкерлер менен иштөө коркунуч деле туудурбайт. Балким, көнүп калгандырбыз. Негизгиси жумушта тынчтык болуп, ишибизди так аткарсак деп эле тилейбиз", - дейт ал.
Айымдар суроолорго абайлап жооп берип жатышты. Айрым жоопсуз калган суроолор жөнүндө "кызматтык этикада мындай нерселер айтылбайт" деп жатышты.
9 жылдан бери №3 түзөтүү мекемесинде фельдшер болуп иштеген Айжаркын Иманалиева соттолгон жарандар ден соолугун эркиндикте жүргөндөрдөн дагы жакшы карайт дейт.
"Ишиме абдан берилип мамиле кылгандыктан бул жактагы ар бир жарандын ден соолугу биздин моюнубузда. Күнүнө 30га жакын кылмышкерлер текшерүүдөн өтүп турушат. Арасында анализдери жакшы болсо дагы ооруп жатам деп кайрыла бергендери да бар (күлүп). Аларга түшүндүрүп жолуна салганга аракет кылабыз. Кээде кыйын деле учурлар болот. Андай убакта психологиялык жактан жардам көрсөтүп, кырдаалдан чыкканга туура келет. Элде "ооруканадан алыс, түрмөдөн бери" деген сөз бар эмеспи. Анын сыңарындай энелер эч качан ыйлабасын, көз жаштар акпасын жана тынчтыкта өмүр сүрөлү. Майрамыңар менен, аялзаты", - деп куттуктады Иманалиева.
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын улук тескөөчүсү, психолог Арапат Алканова көп жылдык тажрыйбасындагы кээ бир окуялар менен бөлүштү.
"Бир окуяны эстедим. Азыркы убакка чейин ошол келиндин балбылдап жанган көзү эч эсимден кетпейт. Оор кылмыш менен бир келин камакка алынды. СИЗОдо кезинде эки кичинекей баласын ойлоп тамак дагы ичпей калды. Ал акыры өз жанын кыйганга аракет кыла баштады. Мен психолог катары 4-5 жолу сүйлөштүм. Бирок анын абалы эч өзгөргөн жок. Тажрыйбамдагы бардык ыкманы колдондум, жыйынтык болгон жок. Көпкө бушайманга салып, акыры аны менен оюна койбой сүйлөшүп, үмүт деген нерсени эч качан өчүрбөш керектигин көп айттым. Ал арада соту болуп, келин 9 жылга эркинен ажыратылган. Бул жаза кайра ага катуу тийди. Ачык эле өлөм дегенге өттү. Биздин кызмат ушул абалдан адамды чыгаруу болгондуктан толук курам ага мунапыс тууралуу, балдарынын бой жетип келе жатканын айтып, ойлонуп көр деген чечимге келдик. Ал андан соң аялдардын абагына жеткирилди. Бир күнү мен жумуш боюнча ошол абакка барганда баягы келин экөөбүз жолугуп калдык. Көздөрү жайнап, жакшы күндөр бар экенин түшүнгөн жакшынакай келин жанымда турат. Экөөбүз учурашып, жетекчиликтен уруксат алып атайын сүйлөшүп отурдук. Балдарын айтып, эркиндикке чыгар күнүн санап сүйлөп отурду. Мага ыраазычылыгын айтты. Мен ага биздин кызмат ушул экенин, кыйынчылыктардан сабак алып, жакшы жашоо баштаса боло турганын эскерттим. Кийин абактан чыгып, жакшы жашоо баштап мени сүйүндүрдү", - дейт берилүү менен айтып берген Алканова.
Өлкөдөгү бардык абактардагы психологдор жардам бере албаган жарандар менен иштеген айым бул жаатта эркектер менен иштеген жеңил экенин айтат.
"Эркектер адамга бат ачылып, тагдырын, кылган кылмышын айтып, кээ бири ыйлап да жиберишет. Себеби камалгандан кийин көбүнүн үй-бүлөсү таштап кетет. Ал эми аялдар абагында иштеген оор. Биз айткан кеңештерди кулак сыртында калтыргандары көп, андыктан мындай убакта биз алардын жолугушууга келген жакындары аркылуу байланыш түзөбүз. Зээниңди кейиткени эркиндикке чыккандан кийин аз убакыт өтпөй кайра абакка түшкөндөр. Кездешип калганда "эмнеге келдиң?" деп тызылдап урушабыз. Башын жерге салып "барарга үйүм жок" деген сөздү айтышат. Чындыгында көпчүлүк соттолгон адамдардын абактан чыккандан кийин тосуп алган жакындары жок болуп чыгат. Кээ биринин күйөөсү же аялы башка турмуш куруп же жакындары каза болуп калган болот. Мындай убакта психологиялык жактан жабыр тарткан жарандарыбыз кылмыш жасап, кайра эле абакка келе беришет", - дейт ал.
Жаза өтөө мекемелеринде ар бир эркиндикке чыга турган жаран менен катуу тартипте психолог 6 ай мурун иштеп баштайт. Себеби анын эркиндиктеги жашоосу жакшы уланышы үчүн атайын бул систем каралган.
"Биз ар бир абактагы жарандын эркиндикке чыккандан кийинки жашоосун бир калыпка салып кетиши үчүн атайын иштерди жасайбыз. Ар биринин жашай турган дарегин жазып алып кээде жумуш таап бергенге да аракет кылабыз. Мен иштеген жылдары көпчүлүк соттолгон эркектер абактан кийин жашоосун жакшы алып кетишти. Мисалы, баңги заты менен кармалган бир жаран азыркы убакта менчик ишканада директор болуп эмгектенет. Ал башынан өткөргөн туура эмес жашоосу үчүн кээде биз менен биргеликте абактарга барып, психологиялык сабактарды берип, өзүнүн жашоосу тууралуу айтып берет. Бул өспүрүмдөргө сабак болот. Абактан кийин кетирген катачылыкты оңдоого мүмкүнчүлүк бар деген ойду айтат. Айтып отурсак, биздин жумуш ары кызыктуу, ары оор", - дейт ал.