Ички иштер министрлиги 7-мартта Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгынын жетекчисинин мурдагы орун басары Ралис Касанов боюнча маалымат таратты.
Андагы маалыматка караганда, Касанов кызматтык тартипти бузуп, милдеттерин тиешелүү деңгээлде аткарбай, кол алдындагы кызматкерлерден акча каражатын чогултуп жана опузалап акча талап кылгандыгы үчүн кызматынан бошотулган. Ошондой эле маалыматта Касанов документтерди жасалмалоо менен ички иштер органдарына кызматка орношкону белгиленген.
"Ралис Касановдун кызматынан бошотулушун буга чейин Биринчи Май райондук соту мыйзамсыз деп таап, ИИМ райондук соттун чечими боюнча Бишкек шаардык сотуна даттанган. Шаардык сот райондук соттун чечимин күчүнө калтырып, учурда иш Жогорку Сотто каралууда. Соттун акыркы чечими кабыл алына электигине байланыштуу Касанов кызматына кайрадан орношуусу мүмкүн эмес. Тергөөнүн маалыматында Касанов 2005-жылы ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгына мыйзамсыз түрдө жумушка орношкон. Тактап айтканда, ал Ысык-Ата райондук аскер комиссариатынын 2003-жылдын 23-ноябрында "ЧИ №563" сериялуу берилген аскер күбөлүгүнүн ордуна берилген убактылуу күбөлүктү жасалмалаган.
2019-жылдын 26-февралында жогорудагы фактынын негизинде ага Кылмыш-жаза кодексинин 359-беренесинин 3-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча (кылмыш иши козголгон) сотко чейинки өндүрүш башталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө, ага мурда Ысык-Ата райондук аскер комиссариаты тарабынан Ысык-Ата районунда жашаган Ш.Лировго 2005-жылдын 17-январында "Чи №563" сериясы менен убактылуу күбөлүк берилгендиги такталган.
Касанов документтерди жасалмалоо жолу менен ички иштер органдарына кызматка орношуп, мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыгын коргогон мыйзамдарды бузууга алып келген. ИИМдин 2018-жылдын 31-майында чыккан буйругуна карабастан Касанов кызматтык күбөлүгүн мыйзамсыз колдонуп жүргөндүгү аныкталып, анын жашаган жерин текшерүү учурунда табылып алынган. Андан сырткары, азыркы учурда Касановдун Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууда Кыргыз Республикасынын мыйзамы бузулгандыгы боюнча сотко чейинки текшерүүлөр жүрүп жатат. Анткени анын ата-энеси Казакстандын жарандары болушат. Учурда иликтөө уланууда", - деп айтылат ИИМдин маалыматында.
Белгилей кетсек, Ралис Касанов ырчы Гүлзинат Суранчиеванын жолдошу. Экөөнүн ортосунда 1 кыз, 1 уул бар.