8-Мартты бүткүл дүйнөлүк аялдардын экономикалык, социалдык жана саясий теңчилиги үчүн күрөштө эл аралык тилектештигинин күнү катары белгилөө кабыл алынат. 1910-жылы Копенгаген шаарында социалист аялдардын II эл аралык конференциясында Германиядагы Коммунисттик партиянын негиздөөчүлөрүнүн бири Клара Цеткин аялдардын эл аралык майрамын белгилөөнү сунуштаган. Бул күндү дүйнө эли ошол жылдан тарта белгилеп келишет.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты айымдарды бүгүнкү 8-Март - Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктайт. Аялзат - үй-бүлөнүн куту. Аялзатына дүйнөнү көрккө бөлөгөн, боорукерликтин улуу күчү ыйгарылган. Айымдардын үй-бүлөнү чыңдоого, бала тарбиялоого кошкон салымы чексиз. Алардын Кыргыз элининин маданиятын, бүтүндүгүн, мамлекеттүүлүгүн сактап калууда салымы чоң.
Бардык аялзатына чың ден соолук, үй-бүлөдө ынтымак, бакыт-таалай жана бакубат жашоо каалайбыз.