"Мен билген аруу аялзаты бар" аттуу дил баян сынагынын жеңүүчүлөрү. Энелердин түйшүгүн эне болгондо сезген окурмандар апаларына алтын сөздөрүн арнашты

8-Март - Аялдардын эл аралык майрамынын урматына "Мен билген аруу аялзаты бар" деген аталышта SUPER.KG порталы окурмандар арасында баян жазуу боюнча сынак жарыялаган. Сынактан эң мыкты деп табылган 3 дил баянды порталдын "СОҢКУ КАБАР" бөлүмүнө жарыялоо убадасы берилген. Жүздөгөн билдирүү, дил баяндардын ичинен 3 баян тандалды. Келген каттардын дээрлик бардыгы асылзат апалар тууралуу. Арасында кайненелерине, жеңелерине, чоң энелерине жана таенелерге арналган да баяндар бар.

Жалпы аялзатын жана жеңүүчүлөрдү куттуктоо менен бирге, окурмандардан келген кызыктуу жана жүрөккө жеткен тандамал чакан окуяларды сунуштайбыз.

"Апамдын түйшүгүн өзүм балалуу болгондо сезип жатам"

- Балалык. Мен бул учурду эстесем, дароо көз алдыма апам келет. Апамдын чоң көздөрү, сулуу колдору, чарчаган кезде жоолугу кыйшайып калганда, маңдайынан чыгып калган чачтары...

Биз ал кезде чоң ата, чоң энебиз менен чогуу турчубуз. Айыл жергеси болгондуктан жумуш бүтчү эмес. Чоң энем кырс киши болчу. Апам үйгө кирип аялдын, сыртка чыгып эркектин жумушун жасачу. Ал кездеги кичинекей жүрөгүм менен апамды аяп кетер элем.
Бир жолу сиз ооруп калдыңыз. Көңүлүңүз жок. Суроолуу карап турган мага карап "мен өлүп калат окшойм" дедиңиз. Ошондо биринчи жолу өлүм жөнүндө ойлонгом. Сиз жок жашоомду элестеткем. Ким мени канатына калкалап, таттуу сөздөрү менен жүрөгүмдү жылытып, ким мени бөпөлөйт эле? Сизден башка эч ким, апа! Мен ошол күнү таң атканча уктабай, "апам көп жашасын" деп Кудайдан тилеп чыккам. Жаштын тилегин берет дейт, ошол тилегим орундалып, азыр 53 жашка чыктыңыз, апаке.
Мен сизди чын жүрөгүм менен жакшы көрөм, апа. Азыр өзүм эки уулдун апасы болуп, сиздин тарткан мээнетиңизди, түйшүгүңүздү даамдап жатам. Мен балдарымды таза сезим менен жакшы көргөндөй сиз да мени жакшы көрөсүз. А мен сизди андан эки эсе жакшы көрөм. Менин сөздөрүм жүрөктөн чыкты. Апа, көп жашаңыз. Апамдын аты-жөнү Сагыйпа Молдоканова.

"Апам тигип берген формамды шылдыңдаган мугалим менен уруша кетип окуудан четтеп калгам"

- Саламатсыздарбы, SUPER.KG порталынын жалпы жамааты. Сиздерди дайыма окуп келем. Өзүм Орусияда дарыгерлик кесибин аркалап иштеп жатам. 8-Мартка карата баян жазса болорун окуп калып дароо эле сиздерге жазууну чечтим.

Бул дүйнөдө мен билген бир аруу аялзаты бар, ал менин апакем. Апам үй-бүлөдө жети бир туугандын эң улуусу. Ата-энеси эрте каза болуп калганына байланыштуу бир туугандарынын жоопкерчилигин өз моюнуна алып, баарын чоңойтуп, үйлөнтүп-жайлантты. Айтымында, ата-энесинин көзү өткөндө болгону 25 жашта гана экен.

Ал эми биз үй-бүлөдө 5 бир тууганбыз. Апакем 36 жаш курагында атам оорунун айынан каза болуп калды. Ал учур токсонунчу жылдар болчу. Баарыбыз кичинекейбиз, жумушсуздук, акча-тыйын тартыш. Апам жетим калганы аз келгенсип, жолдошу дагы каза болуп калган, каралашар кишиси жок. Ошондой кыйынчылыктарды жеңип, бизге татыктуу тарбия, билим берип, үйлүү-жайлуу кылды.

Азыр апакем 63 жашта. Эми деле ал-күчүндө, талыкпай бизге дем-күч болуп келет. Жашоомдогу бир учурду сиздерге айта кетпесем болбос.

Мен анда студент болчумун. Медициналык окуу жайда окуп жүрүп, анатомия сабагына кандайдыр бир себептерден улам кечигип бардым. Мугалим группалаштарымдын алдында катуу тилдеп, апам тигип берген чепчикти (дарыгерлердин баш кийими) ашпозчулардын баш кийимине окшоштуруп, келекелеп урушту. Баарына чыдап тургам, апам тигип берген кийимге асылганына ачуум келип, мугалим менен айтыша кеттим. Окутуучу мени аудиториядан чыгарып жиберди дагы, экинчи сабагына кирбешимди буюрду.

Ал кезде жаш, коркок кезим экен. Жалгыз апама жардам болобу деп түнү менен иштечүбүз. Ошонун артынан сабакка кечигип калчумун. Ошентип сабакка барбай жүрө берип, окуудан четтетилип калдым. Апакем мунумду угуп аябай капаланды. Окуумду улантуум үчүн болгон аракетин жумшап, өзү чуркап жүрдү. Ошондо ректорго киргени эсимде...

Ректор кийинки жылы кайра тапшыруубузду сунуштады. Мен апамдын аракетине каршы чыгып, "окууга барбайм, менден дарыгер чыкпайт! Мени окутам деп кыйналбай эле коюңузчу" дедим. Апам болгон жок. Тескерисинче, дем-күч берип, менден мыкты дарыгер чыгарын айтып жүрүп кайра окууга киргизди. Азыр ошол алган билимимдин үзүрүн көрүп, дарыгерликти аркалап, Орусияда иштеп жүрөм.

Апамдын аты Патилла Умаралиева, Кадамжай районуна караштуу А.Масалиев айыл өкмөтүндө эмгектенет.

"Баарыбызга үлгү болгон айылдагы Анар чоң апа"

- Анар чоң апа, ооба, айылдагы боз балдар, секелек кыздар сизди ушинтип атачубуз. Баарынан да көргөн жерден бетибизден өөп, момпосуй бергениңиз баарыбызга майдай жакчу.
Бир күнү мектепте 9-Май - Жеңиш күнүнө карата мугалим айылдагы согушка катышкан аксакалдардан интервью алып келгиле деп тапшырма берди. Менин оюма дароо Анар чоң апам келди, анткени биз кошуна турчубуз. Дагы бир кошуна жашаган досум экөөбүз дептер, калем алып, өзүбүздү кадимки журналист сезип сиздин үйгө карай бет алдык.

Чоң апага келген себебибизди айтсак, келинине дасторкон жайдырып, сөз учугун баштады.

"Ал убакта мен ойносо оюнга тойбогон секелек кыз элем. Элдин баары ынтымакта жашачу, адамдарда кең пейилдүүлүк, адамгерчилик бийик эле. Биз нан жапсак кошуналарды чакырып чай берчүбүз. Баары тегиз жашачу, байлык, бийлик деген адамдар дээрлик жок болчу.

Ошондой күндөрдүн биринде айылга согуш апааты жөнүндө кабар келди. Бойго жеткен боз улан, жашы ортологон, ишке жарамдуу аталарыбыздын баары согушка аттанды. Айылыбыз бир түндүн ичинде ээндеп, кары-картаң, келин-кесек, жаш балдар гана калдык. Ошол кезде мен кампада күнү-түнү иштеп, жашы-карысы дебей талаада эмгектенип, согуш жүрүп жаткан фронтко тамак-аш жөнөтүп жаттык. Жакшы иштегеним үчүн кампа башчысы кылып дайындалдым.

Күндөр, айлар өтүп, жылдар алмашты, согуш дале өз күчүндө. Арадан эки жыл өткөндөн кийин айылга жаракат алган жигиттерди алып келишти. Алардын арасында болочоктогу жолдошум Анарбай да бар эле. Экөөбүз көргөн жерден жылуу саламдашчубуз. Ал кезде кыз-жигит болуп жетелешип, сүйлөшүп жүрүү кайдан? Бир күнү эле Анарбай үйгө ата-энесин жөнөтүптүр. Мен макулдугумду берип экөөбүз баш коштук. Турмуш-тиричилик башталды. Анарбай согуштан бутуна ок тийип келгендиктен оор жумуш жасай алчу эмес. Жүктүн көбүн өз моюнума алдым.

Жылдар жылга алмашып 4 уулдуу болдук. Кичүү уулум төрөлгөндөн кийин кырчындай кезинде атаңар мени чиедей балдарым менен таштап, каза болуп калды. Артында жер чапчып, боздоп, кан жутуп кала бердим. Ажал эмеспи, ыйлаган менен биздин колдон эмне келмек эле?

Тагдырдын жазганы деп белимди бекем бууп, балдарымды бактым, башымдан көп кыйынчылык күндөр өттү. Ал арада мага акыл айтып "кайрадан турмушка чык, жашсың балдарыңды чоң ата, чоң энесине бер" дегендер да болду. Кантип мен балдарымды таштап башка бирөө менен бактылуу күн кечирем? Ушундай ой менен андай кеп-кеңештердин бирин да уккан жокмун. Балдарым чоңойду, кыз узаттым, уул үйлөнттүм, небере-чөбөрө көрдүм, бактылуу байбичемин. Баарына ыраазымын".

Ошентип чоң апам сөзүн аяктады, берилүү менен уккан экенбиз, алып барган дептерибизге эч нерсе жазбай калыптырбыз. Арадан канча жылдар өтсө да ошол чоң апамдын маеги көз алдымда бүгүнкүдөй эсимде.

Өзүм эки жылдан ашык убакыттан бери миңдеген жарандардын катарында Орусияда эмгектенем. Айылдагы жаңылыктарды апам аркылуу угуп турам. Мен билген аруу күчтүү аялзаты Анар чоң апам 2018-жылдын жай айында дүйнө салды. Мага эле эмес, көптөгөн кыз-келиндерге үлгү болгон, чоң апа, келечекте сиз сыяктуу чыдамкай болууга, келечектеги балдарыма татыктуу тарбия берүүгө, элге үлгү болууга умтулуп жашайм.

Жазган: Диана Бактыбек кызы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Pamirlan
2019-03-09 04:11:10
Аябай кызыктуу жазылыптыр, рахмаат супер инфонун жамааты майрамынар менен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан