Орусиянын белгилүү актёру Владимир Этуш бүгүн 97 жашында көз жумду

Бүгүн, 9-мартта Орусиянын белгилүү актёру Владимир Этуш 97 жашында көз жумду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, актёр бүгүн саат 12:30да ооруканадан көз жумган. Ал мындан бир ай мурун инфаркт алган. Ошондон улам оорусу күчөп кеткен.

"8-март күнү актёр өзүн жаман сезип, эс-учун жоготкон. Аны "Тез жардам" унаасы Москвадагы ооруканалардын бириндеги реанимация бөлүмүнө жеткирген. Бирок ал эсине келбей, көз жумган. Ал 2018-жылдан баштап ден соолугу начарлап, ооруканага тез-тез жатып калган. Ошентсе да Этуш театрды таштаган эмес. Анткени ал өткөн жылдын декабрь айында эле Москвадагы Вахтангов театрында "Бенефис" спектаклинде башкы ролду ойногон", - деп эскерет анын театрдагы кесиптештери.

Актёр менен коштошуу зыйнаты 12-мартта Москванын Вахтангов атындагы драма театрында өтөт.

Этуштун жылдызын жандырган "Василий Иванович кесибин алмаштырат" жана "Кавказ туткуну" фильмдери болгон.








РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Chungyz
2019-03-09 18:54:50
Жакшы жашаптыр
+5
Sakubek
2019-03-09 19:45:35
97 ге чыкса жашоодон жадап кетсе керек
-9
Komrad
2019-03-09 23:19:53
Россиянын жана СССР дин белгилуу актеру
0
Nur777
2019-03-10 00:40:26
Мыкты актёрлордун бири эле..
Пусть земля будет пухом.
+3
Mr.enriiko
2019-03-10 13:45:19
Путёвка в Сибирь- деп элди кулдургон адамда ошол Нинаны все равно жашоодо аялы кылып алыптырго. Пешком по стою
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан