Жумгалда үйүндө аялынын, сарайында күйөөсүнүн жансыз денеси табылган жубайлар бир жыл мурун үйлөнүшкөн

Нарын облусунун Жумгал районунда жубайлардын жансыз денеси өздөрү жашаган үйдөн табылган. Жубайлардын кошуналары алар бир жыл мурун баш кошушканын айтышты.

"Үйлөнгөндөрүнө бир жыл болгон, экөөнүн ортосунда бала жок. Ага чейин маркумдардын башка турмушу болгон. Мен билгенден байкенин кызы бар болушу керек эле. Кошунам өзү күзөт кызматкери болуп иштеп жүргөн. Үйүндө апасы, аялы болуп жашашчу. Буга чейин деле үйдө ызы-чуу болгонун көргөн эмеспиз.

Маркум эженин бир эле эжеси бар, ата-энеси жана бир туугандары каза болуп калган деп айтып жатышты. Ошондой эле анын мурдагы турмушунда баласы болбогонун билдик. Маркумдардын сөөгү жерге берилди.

Учурда үйдө жалгыз калган апасын багуу үчүн шаарда жашаган баласы көчүп келгени жатат", - деп билдирди маркумдун кошуналары.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
raykray
2019-03-13 01:04:43
Байкуш 80 жаштагы апаны ойлобогондорун, кантип жашайт каарыганда ушундай окуя мн
+3
Girl1996
2019-03-13 10:38:38
Аллахка бараар кундору деле коп алыс эмес. Бактылуу кылганды билбеген адамдардын колунан келет мындай
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан