Жогорку Кеңеште "Бишкек феминисттик демилгелер" кыймылынын жөө жүрүшүнө укуктук баа берилип, аны уюштурган адамдарга карата катуу чаралар көрүлүүгө тийиш экени айтылды

Бүгүн, 13-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында "Бишкек феминисттик демилгелер" кыймылынын мүчөлөрү өткөргөн тынч митингге уруксат берген тиешелүү мамлекеттик органдар парламентке келип жооп беришти.

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов 8-мартта Бишкектин "Россия" кинотеатрынын алдында аялдардын укугун коргойбуз деген шылтоо менен 200-250 адам чогулганын айтты.

"Алардын арасында Равшан Жээнбеков, Рита Карасартова, Азиза Абдирасулова, Эдил Байсалов, Өндүрүш Токтонасыров сыяктуу бир катар коомдук ишмерлер менен коомдук уюмдардын өкүлдөрү болгон. Тилекке каршы, аларга башка мүдөөнү көздөгөн адамдар кошулуп кеткен", - деди Асанов.

Депутаттар мындай чагымчыл окуянын кайталанбашы, кыргыз элинин беделине доо кетпеши үчүн айрым мыйзамдарга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгын белгилешти. Мындан тышкары гейлердин жөө жүрүшүнө укуктук баа берилип, аны уюштурган адамдарга карата катуу чаралар көрүлүүгө тийиш экенин айтышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aydinnur
2019-03-13 13:32:44
Мына-мына.. Кичине кыймылдасаңар болот экен го.
+6
Umakg
2019-03-13 14:15:09
Кудай сактасын мындай гейлерден
+6
Chagylgan2
2019-03-13 17:27:05
Равшан Жээнбеков, Рита Карасартова, Азиза Абдирасулова, Эдил Байсалов, Өндүрүш Токтонасыров дегендерге 2 ай кочо шыпырткыла...

Анан Азиза Абдурасулова ж.б. НПОшниктерге да чара коргуло... гей-лесбиянка, феминисттерди колдогон НПОлорду жаап салгыла биротоло... Ошондо гана эл иштеп жатканынардан кабар табат.....
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан