"Кызымдын себинен тартып неберелеримдин кийиминен бери көтөрүп кетишиптир" дейт Баткендин Арка айылынын жашоочусу

Кумара Өмүрзакова Лейлек районунун Арка 2 айылынын жашоочусу. Өткөн аптада Кыргыз-Тажик кагылышуусунда жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн бири.

Өмүрзакова 11 жыл Москвада иштеп жүрүп тапкан үй, андагы буюмдарынын баарын тажик тарап көтөрүп кетиптир деп кейиди. Айтымында, келининин себин, кызына даярдаган себин, эмеректерин, келинине деп алып берген таттуу даярдоочу жабдыктарын, тигүү цехиндеги 5 тигүүчү машина жана тигүүчүлүккө керектелген жабдыктары жоголгон.

"Ошондой эле жаңы кийим-кече, алтын кооздуктар, килемдерди алып кетишиптир", - деди ал.

Анын жолдошу Тураржон Махмудовдун айтымында, унаасынын тетиктери, ширетүүчү жабдык жана сейфтеги 390 миң рубль, 1700 доллар жана 30 миң сом акчасы жоголгон.

"Жакында өрүк сатып акчасын сейфке сактаган элек. 29-апрель күнү кечки саат 19:00 чамасында ок атышуу башталып, үй-бүлөбүз менен качып кеттик. 2009-жылдан бери Москвада иштеп, быйыл келдим эле", - дейт Махмудов.

Анын 75 жаштагы атасы Токтосун Маллаев балдарынын 11 жылдык эмгеги, жакшы турмуш үчүн көргөн аракеттери бир күндө чачылып жок болгонун айтты.

"Ошончолук да жырткыч болобу? Тажикстандан келгендер неберелеримдин кийимдеринен бери алып кетишиптир, башкасын айтпасам да белгилүү болуп турбайбы", - деди кейиген Маллаев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Dembele84
2021-05-03 10:10:47
Молодцы тажиктер,эмне демекчимин.Жамандап журуп соз да тугонду!
+3
gulya583
2021-05-03 14:51:30
Булунгондон булдургу алба дешчу. Ушуну менен бут кырсык, балээлер Тажиктерге барсын. Бироонун жаны, малы бироого арам, муну тажиктер билбейт ондуу. Кудай сабырдуулар менен дейт. Кудаа кааласа Кыргызстаным гулдоп онугот
+4
Zumrudianka
2021-05-03 15:51:15
Бироонун буюму бироого буюрбайт, ошол буюм мн Кыргыздын башына тушчуу апаат балее кырсык кошо кеткен болсун. Тажиктердин олумтугуно буюрсун
+6
Rifle_I
2021-05-03 16:22:06
Кудай буйруса бул лөлүлөр алып кеткен буюм менен баардык жамандыктар тажиктерге өтсүн.
+5
Guliza85
2021-05-03 18:33:42
Жер ачылып кетип Тажикстан эл жери менен жер менен жер болуп жоголуп кетер кун дагы келер.
+2
Suiomseni
2021-05-03 19:58:52
Дагы жакшы уйун орттобоптур,ошогода шугур.Буюм табылат,уй салыш кыйыныраак
+1
Egizderim-baktim
2021-05-05 04:25:00
Ай ии баары отуруп алып уйундо жок нерселерин терип кетишкенби эмне балее. Рахмон элинди кара ачкалыктан ар кимге асылып баштаптыр. Мындай кекти баарыбир бир чыгарабыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан