Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Ворух анклавына келүүгө камынууда.
Буга Кыргыз өлкөсүнүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин анклав тууралуу айткан билдирүүсү негиз болгон. Бул тууралуу Тажикстандын жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.
Өткөн жумада Ташиев Тажикстандын бийлигине Ворух анклавы үчүн Баткен тараптан 12 миң гектар жер берип, алмашуу сунушун киргизгенин билдирген.
Тажикстан президентинин басма сөз катчысы Абдуфаттох Шарифзода бүгүн, 31-мартта "Озоди" тажик кызматына билдирген маалыматына ылайык, Рахмон Исфарага иш сапары менен анын ичинде Ворухка барат. Шарифзода сапардын мөөнөтү жана программасы азырынча тактала электигин кошумчалаган.
Болжолдуу Рахмондун Ворухка сапары 4-апрелде болушу мүмкүн.
УКМКнын жетекчисинин 26-марттагы маалымат жыйынындагы билдирүүсү талаш-тартышка себеп болду.
Бул маселе тууралуу өткөн жумада Тажикстандагы бардык ЖМКларында маалыматтар жазылган.
Азырынча Ташиевдин сунушуна Тажикстан тарап расмий жооп бере элек.
Бирок жүздөгөн социалдык тармактын колдонуучулары бул жаңылыкка жооп кылып Ворухту Кыргыз өлкөсүнө өткөрүүгө каршы экендиктерин жазып жатышат.
Исфара районундагы Ворух Баткен менен чектешет жана чек аранын көптөгөн тилкелери такталган эмес. Эки тараптын жашоочулары жолдорду, жайыттарды, сууну жана жерди бөлүшүүдө көп кагылышып, кээде кан төгүлгөн учурлар да болгон.