АКШнын адам укуктары боюнча мамлекеттик департаментинин 2018-жыл боюнча отчёту жарыяланды. Анда Кыргыз мамлекетиндеги саясий куугунтукка кабылгандар тууралуу да айтылат.
Эксперттердин жана байкоочулардын пикирине таянып отчёттун "Саясий туткундар жана кармалгандар" деген бөлүмүндө "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен саясатчы Садыр Жапаров тууралуу айтылат. Ошондой эле Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча "Адилет" укуктук клиникасы БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылганы жөнүндө да жазылат.
Мындан тышкары укук коргоо уюмдарынын билдирүүсүнө таянып экс-премьер-министрлер Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиевдин камалышы да саясий куугунтук деп көрсөтүлгөн.