Баткен облусунда бүгүн, 29-апрелде эртең менен Кыргыз-Тажик чек арасында кайрадан Тажик тарап Кыргыз тарапка ок атканын окурман кабарлаган.
Көк-Таш айылынын жашоочусу Айзада Хамдамованын маалыматында, азыр аталган айылда абал тынч эмес, атышуу дагы деле уланып жатат.
"Мектеп жакта жашаган адамдар эртеден бери атышып жатат, октун үнү бизге угулууда. Тажик тарап жолду жапкан, ал жактан өтө албай калган жарандар бар.
Ал эми айылдагы аялдар менен балдар Баткен шаарына ташылып жатат. Көк-Таш айылынын тургундары Баткендеги мектепке жайгаштырылууда", - деди ал.
Эске салсак, кечээ, 28-апрелде Кыргыз-Тажик чек арасында кайрадан чыр чыккан.
"Тажик аскерлери Головной суу алуучу жайында жайгашкан электр жарыгы бар устундарга эки байкоо камераларын орнотушкан. Мындан улам эки өлкө жарандарынын ортосунда нааразычылык жаралып, таш ыргытуу болду", - деп билдирген чыр тууралуу жергиликтүү тургун.
Головной суу бөлүштүрүүчү жайы Кыргыз өлкөсүнүн аймагындагы Төрт-Күл суу сактагычын толтурган каналдардын башында жайгашкан.