“Супер-Инфо” гезитинин жетекчиси 18-мартта Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына (Финпол) суракка чакырылды. Буга “ЖМКларды колдоо борборунун” сайтына 2012-жылы жайгаштырылып, ошол боюнча жаңыланбай калып калган жаңылыш маалымат негиз болгон.
Биринчи Май райондук сотунда "Супер-Инфо" гезитинин жактоочулары жазган арыздын негизинде соттук отурум өттү. Арызда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын "Супер-Инфо" гезитине карата чыгарылган токтомун жокко чыгаруу жазылган. Гезиттин жактоочусунун айтымында, Финпол гезитке Салык кызматынын текшерүүсүн дайындай албайт. Сот жактоочулардын арызын канааттандырды.