"Бүтүн Кыргызстан" партиясы бийликтен өлкөдөгү эң көп нускалуу "Супер-Инфо" гезитин кысымга алууну токтотууну талап кылат

Бүгүн, 19-мартта "Бүтүн Кыргызстан" партиясы "Супер Инфо" гезити боюнча билдирүү таратты.

"Бийлик Кыргыз мамлекетиндеги эң көп нускалуу “Супер-Инфо” гезитин кысымга алууга киришти. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы жасалма айыптар менен гезит жетекчилерин тынымсыз суракка чакырып, басым көрсөтүп жатат. Бул сөз эркиндигин кысымга алууга жана калктын ар тараптуу маалымат алуусуна жол бербөөгө тете көрүнүш.

Бийликтин бул аракети Кыргыз өлкөсүнүн Баш мыйзамы болгон Конституциянын 31-беренесинин 1,2-бөлүмүнө, 33-беренесинин 1-бөлүмүнө карама-каршы келет. Буга жол берилбеш керек!

"Бүтүн Кыргызстан" партиясы бийликтен сөз эркиндигин камсыздоону жана өлкөдөгү эң көп нускалуу гезитти кысымга алууну токтотууну талап кылат. Гезиттин миңдеген, он миңдеген окурмандары ар тараптуу маалымат алуу укугунан ажыратылбашы керек", - деп жазылат билдирүүдө.

"Супер-Инфо" гезитинин жетекчиси кечээ, 18-мартта Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына (Финпол) суракка чакырылды. Буга чейин 14-мартта чакыруу болуп, буга “ЖМКларды колдоо борборунун” сайтына 2012-жылы жайгаштырылып, ошол боюнча жаңыланбай калып калган жаңылыш маалымат негиз болгон. Финполдун инспекторунун берген суроолоруна эки сааттай жооп берип чыккан гезиттин директору Шайиста Шатманова аталган мекеменин негизсиз суракка чакырышы боюнча Биринчи Май райондук сотуна арыз менен кайрылышканын айткан. Бүгүн саат 14:00дө аталган арыздын негизинде соттук отурум болмокчу.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан