Шайиста Шатманова: "Супер-Инфо" ар дайым объективдүү маалыматтарды берип келет" (хронология)

Бүгүн, 19-март күнү "24.kg" маалымат борборунда "Оппозициялык "Супер-Инфо" гезитине карата бийликтин чабуулу" аталышындагы маалымат жыйынын өткөрүлүп жатат. Ага "Супер-Инфо" гезитинин директору Шайиста Шатманова, мурдагы элчи Кылычбек Султан, юрист Таалайгүл Токтакунова жана башкалар катышып жатат.

“Супер-Инфо” гезитинин жетекчиси кечээ, 18-мартта Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына (Финпол) суракка чакырылды. Буга чейин 14-мартта чакыруу болуп, буга “ЖМКларды колдоо борборунун” сайтына 2012-жылы жайгаштырылып, ошол боюнча жаңыланбай калып калган жаңылыш маалымат негиз болгон. Финполдун инспекторунун берген суроолоруна эки сааттай жооп берип чыккан гезиттин директору Шайиста Шатманова аталган мекеменин негизсиз суракка чакырышы боюнча Биринчи Май райондук сотуна арыз менен кайрылышканын айткан. Бүгүн саат 13:00дө аталган арыздын негизинде соттук отурум болмокчу.

11:11. Шайиста Шатманова: "Кыргыз мамлекетиндеги сөз эркиндигине карата жасалып жаткан абалына кабатырланып келип жатканыңыздарга ыраазычылык билдиребиз. Акыркы күндөрү мамлекеттик органдар тарабынан "Супер-Инфо" гезитине жөнү жок текшерүү болуп, кысым көрсөтүлүүдө. Алардын биздин гезитке коюп жаткан күнөөсүн атоого ооз барбайт. Анткени ушул жылдын 30-январында Т.Насыкулов аттуу жаран Финполго арыз жазат. Ал арыз менен кечээ Финполго суракка киргенде тааныштырышты. Арызда "мен кайсы бир гезиттерди алып окуйм. Ал гезиттердин нускасы "ЖМКларды колдоо борборунун" сайтында көрсөтүлгөн нускалардын саны менен дал келбейт экен" деп жазган. Эң кызыктуусу ал арызда "Супер-Инфо" гезити жөнүндө бир дагы сөз айтылбаптыр. Ал жерде "Шамбала" жана "Пирамида Плюс" деген гезиттер жөнүндө сөз болуп жаткан экен. Арызда көрсөтүлгөн башкы редактор Бурул Исмаилова 2013-жылы "Супер-Инфодон" кызматтан кеткен".

11: 20. "Супер-Инфо" гезитинин нускасы 100 миң да, 122 миң да болгон, бул маалыматтарды биз эч качан окурмандардан да, салык кызматынан да жашырган эмеспиз. Гезиттин ар бир даанасы тууралуу маалымат так көрсөтүлүп келет. Ошончолук эскирген маалымат менен басмакананын жаңыланбаган, эски маалыматынын негизинде буларда чоң айырмачылык бар деп төө жасагысы келип жатышат", - деди Шатманова.

11:25. Алмаз Курманкалиев: "Бизди дагы Финполдун суракка чакырганы күтүүсүз болду. Расмий түрдө айтам, аталган "ЖМКларды колдоо борборунда" жарыяланган маалымат чындыгында эски. Бул маселени көтөрүү бүгүнкү күндө маанилүү эмес".

11:33. Айсулуу Алимбекова: "Супер-Инфо" гезитине бийлик тараптан кысым болуп жатат. Финпол менен Салык кызматынын гезитти текшерүүгө алуусун негизсиз деп айтабыз. Биз бул сөз эркиндигине болгон кысым деп ачык айта алабыз. Анткени гезитке тиешелүү бардык текшерүүлөрдөн өз убагында өтөбүз".

11:39. Таалайгүл Токтакунова: "Финполдо каралып жаткан арыз "Жазык кодекси" менен эмес, "Жоруктар кодекси" менен болуп жатат. Бул кылмыш иши эмес, жорук. Анда "Жоруктар кодекси" боюнча тергөөчү кандайдыр бир текшерүүлөрдү дайындоого укугу жок. Андай укук Кылмыш-жаза кодекси менен көрсөтүлгөн эмес. "Жоруктар" кодексинин 113-беренесинин негизинде кимге зыян келтиргенин текшериши керек. Арыз жазган Насыкуловгобу же компания "Супер-Инфого" зыян келгенби же жокпу ошону кароо керек болчу. Ал эми жогоруда келтирилген зыянды карабай, тиешелүү орган салык төлөнгөнбү же төлөнбөй калганбы деген текшерүү жүргүзүп жатат. Алардын кыймылы туура эмес".

11:45. Кылычбек Султан: "Мен азыр Алмазбек Атамбаевди колдоп жатканымдын себеби ал кетирген катачылыктарын оңдоого саясий ишмер катары таасир этсе дейм. Атамбаев кетирген катачылыктарын өзү жакшы билет жана буга чейин өткөн форумда бул тууралуу айткан.

"Супер-Инфо" тууралуу айтсам, гезитке болуп жаткан басымдын артында бийлик, бийликтин мыйзамсыз биринчи кадамы. Мен өзүм бул басымга даяр элем, бирок "Супер-Инфого" карата жасалган басымды токтотуш керек".

11:51. "Насыкулов деген белгисиз бир адамдын арызы ишкердик беделибизге доо келтирди. Бирок биз анын ким экенин билбейбиз. Процессте таза иштеп жаткан компаниянын беделине доо келтирген адам тууралуу маалыматтар ачыкталат деп ойлойм", - деди Шатманова.

12:02. "Супер-Инфо" оппозицияга өттү беле деген суроодон мурун "Супер-Инфо" бийликчил болду беле деген суроо болуш керек. "Супер-Инфо" ар дайым объективдүү маалыматтарды берип келди. Акыркы кезде оппозициялык маанидеги маалыматтарга басым жасап жатабыз. Балким, бул кайсы бир тарапка жакпай жаткандыр", - деп белгиледи гезиттин директору.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан