“Супер-Инфо” гезитинин жетекчиси бүгүн, 18-мартта Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына (Финпол) суракка чакырылды. Буга “ЖМКларды колдоо борборунун” сайтына 2012-жылы жайгаштырылып, ошол боюнча жаңыланбай калып калган жаңылыш маалымат негиз болгон.
Мурдагы элчи, "Супер-Инфо" гезитинин негиздөөчүсү Кылычбек Султан чындык жана адилеттүүлүк үчүн болгон күрөшүнүн айынан басылма курмандыкка айланып жатканын айтат.
"Супер-Инфонун" жетекчиси жана анын жамааты менин чындык үчүн, адилеттүүлүк үчүн болгон күрөшүмдүн курмандыгы болуп жатат. Мамлекеттен уурдабасам, тескерисинче, акчалай да, кызмат кылып да пайда келтирип жаттым. Мамлекеттик структуралардагы туура эмес иштерди ачыктаганым үчүн өч алуу болуп жатат", - деди Кылычбек Султан.