“Супер-Инфо” гезитинин жетекчиси бүгүн, 18-мартта Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына (Финпол) суракка чакырылды. Буга “ММКларды колдоо борборунун” сайтына 2012-жылы жайгаштырылып, ошол боюнча жаңыланбай калып калган жаңылыш маалымат негиз болгон.
Эскерте кетсек, 14-март күнү “Супер-Инфо” гезитинин жетекчиси Финполго суракка чакырылган.
10:20. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын алдына коомдук жана жарандык активисттер "Супер-Инфо" гезитин колдоо үчүн чогулушууда. Алардын катарында Равшан Жээнбеков, укук коргоочу Рита Карасартова, Адил Турдукулов жана башкалар бар.
10:30. Финполго "Супер-Инфо" гезитинин жетекчилигинин чакырылышын чагылдыруу максатында жергиликтүү телеканалдар жана башка жалпыга маалымдоо каражаттары да келип жатышат.
15-мартта “Супер-Инфо” гезитине каршы жүрүп жаткан аракеттер боюнча Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы тарабынан маалымат таратылган. Анда аталган кызмат “Супер-Инфону” документтерди бербей жатат деп айыптаган. Буга "Супер-Инфо" гезити төмөнкүчө тактоо киргизген:
"Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат айтып жаткан факт боюнча "Freedom House" уюму ачкан "ЖМКны колдоо борборуна" Салык кызматы тарабынан текшерүү жүргүзүлгөн. Дал ушул текшерүүнүн чегинде “Супер-Инфо” гезитине салык кызматынын инспектору тосмо текшерүү менен келип, басмакана менен гезиттин ортосунда эч кандай эреже бузуулар жоктугун аныктап, тийиштүү акт жасап кеткен. Андыктан Финполдун редакция документтерди бербей жатат дегени чындыкка дал келбейт".
Ушул эле 15-март күнү "Freedom House" уюму ачкан "ЖМКны колдоо борбору" коомдук фонду басмакана менен "Супер-Инфо" гезитинин нускасынын санында айырмачылык бар деген Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын маалыматы боюнча жооп берген.
"Салык кызматынын Биринчи Май району боюнча башкармалыгы тарабынан ушул жылдын 7-февралында "ЖМКны колдоо борборунда" салык мыйзамы талаптары толук жана өз убагында аткарылары боюнча пландуу текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүүгө бардык керектүү документтер толук көлөмдө көрсөтүлгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча акт түзүлгөн. "ЖМКны колдоо борбору" тарабынан салык мыйзамын бузуу табылган эмес. Фонддо басылып чыккан бардык гезиттин, анын ичинде "Супер-Инфонун" да нускасында айырмачылыктар жок. Бардыгы мыйзам чегинде ачык жана так", - деп коомдук фонд тараткан маалыматта жазылат.
10:31. Укук Коргоочу Рита Карасартова: "Албетте, бул бийлик тарабынан ЖМКга болгон басым. Гезиттин ээси куугунтукка алынып, башка бир оппозициялык көз караштары менен көрүнүп калгандан кийин дайыма ушундай "бирөөлөр арыз жазды" деген нерселер башталат. Азыркы мыйзамда кандай гана киши болбосун, мен азыр бул мекемеде мындай иш болгонун күмөн санап жатам, ойлоп жатам деген билдирүүнү укук коргоо кызматына билдирсе эле, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, мекеменин же адамдын үстүнөн текшерүү башталат. Эгерде гезиттин үстүнөн жазылып жаткан арыздар канааттандырылбаса, айыптоолор чындыкка дал келбегени далилденсе, анда арыз ээсин жоопко тартуу керек".
10:35. Жарандык активист Адил Турдукулов: "Супер-Инфо" жападан жалгыз, ар бир регионго жеткен, таратылган жана абдан окумдуу гезит экени талашсыз. Ошондуктан анын таасири абдан күчтүү. Учурдагы маалыматтык атаандаштыкка карабастан абдан популярдуу гезитти чыгаруу түйшүктүү. Буга карабай бийликтин басым жүргүзүп жатканы сөзсүз түрдө адилетсиз көрүнүш. Бул саясий өңүттөн болуп жатат, муну ачык эле айтыш керек. Анткени гезит өзү дагы бул Финпол көтөрүп жаткан чакырууда эч кандай маселе жок экенин таратты. Финполдун азыркы жасап жаткан ишин саясий өңүттөн гана кароо керек. Муну жалпы сөз эркиндигине карата басым деп эсептесек болот".
10:40. Экс-депутат Равшан Жээнбеков: "Бул суракка чакырууну эч кандай негиздүү деп атай албайм. 7 жыл мурда кайсы бир болгон окуя менен суракка чакырууну туура көрбөйм. Баланчаев арыз жазыптыр деп гезит жетекчилигин суракка чакыруу башка жактан кабар берет. "Супер-Инфо" гезити - таасирлүү, кыргыз тилдүү, азыркы күндөгү мамлекетте, бийликтин ичинде болуп жаткан окуяларды ачык, объективдүү, ар тараптуу чагылдырган эгемендүү гезит. Мына ушул нерсеге басым кылалы, ушул нерсени өзүбүздүн кызыкчылыгыбызга буралы деп бийликтин ичиндеги кайсы бир топтор чечим кабыл алган болушу мүмкүн. Каржы полициясына мына ошол күчтөр басым жасагыла деп бир көрсөтмө берип жатышы мүмкүн. Бул эгемендүү жалпыга маалымдоо каражатына, сөз эркиндигине, мамлекеттеги жаңы өнүгүп келе жаткан ЖМКга, саясатка, демократияга, эркиндикке болгон Жээнбековдун жана анын командасынын биринчи басымы деп айтсак болот. Бизде адатта президенттер шайлангандан 3 же 4 жылдан кийин жалпыга маалымдоо каражаттарына тийишип башташат. Тилекке каршы, жаңы президент менен анын командасы 1 жыл 4 ай болгондо биринчи эң таасирлүү жалпыга маалымдоо каражаттарына басым кыла баштаганы жаңы бийликке аябагандай чоң терс таасирин тийгизет. "Супер-Инфо" акыркы убактарда бийликке көп объективдүү сын айткан жалпыга маалымдоо каражаты катары эсептелет. Ошол себептен бийлик Финпол аркылуу саясий басым жасап жатат".
10:45. Журналист Мирбек Айтикеев: "Гезит жетекчилигинин Финполго суракка чакырылганынын себеби маанилүү эмес. Кыргыз өлкөсүндөгү кандай гана көз карашта болбосун, кандай саясатты карманбасын, кандай материалдарды чагылдырбасын ал бийликчил болобу, ал оппозициядабы, балким, эл аралык стандарттарды карманып жатабы, кыскасы жалпыга маалымдоо каражаттарынын ушул бийлик тарабынан кандайдыр бир кысым көрсөтүүсүнө кабылышы туура эмес көрүнүш. Бул нерсе коомдун өнүгүшүнө, коомдо болуп жаткан процесстерге терс таасирин тийгизет. Буга чейинки бийликтердин бардыгында ушуга окшогон көрүнүштөр болуп келген. Алар кандай жыйынтык бергенин дагы жакшы билебиз. Ошондуктан бул жерге мен журналист катары, коомдогу активдүү жаран катары "Супер-Инфонун" айланасында болуп жаткан окуяларга кайдыгер карап турбастан келүүнү туура көрдүм. Себеби ушинтип тилектештик, бири-бирин колдоо болбосо, анын саясатына же бир башкасына карап отура берсек, четинен ушундай окуялар боло берет. Бул мамлекет үчүн, коомдун өнүгүшү үчүн, демократия үчүн өзүнүн терс таасирин тийгизе берет".
11:00. Экс-элчи Кылычбек Султан: "Гезитти башында мен өзүм түптөп, бирок мыйзамга ылайык мамлекеттик кызматка өткөндөн кийин өткөрүп бергем. Бүгүн ошого карабастан коллективди колдош үчүн чет өлкөдөн шашылыш түрдө келдим. Баары ушинтип башталат. Буга чейин эле бийликке карата өзүнүн бир сын көз караштагы позициясы бар, бийликтин жасап жаткан иштерин сындап, так айткан ЖМКларга басым жасоо болуп келген. Тилекке каршы, кайсы бир этап менен кайра-кайра эле бул көрүнүш кайталанма болуп калды. 5-6 жыл мурун болгон нерсенин негизинде суракка чакырылды деп жатпайбызбы. Мен кызыкчылык үчүн карап чыктым. Бул болбогон эле нерсе экен. Жок нерсенин негизинде деп эле текшере берсе билбейм. Мисалы, өлкөдө, мамлекеттик кызматтарда маалыматтар, фактылар менен миллиарддаган каражаттар уурдалып жатканы жазылат дагы, эч кандай бир текшерүү жөнүндө сөз чыкпайт дагы, анан бир сайтта туура эмес жазылып калган маалыматтын негизинде эле шылтоо кылып текшерип жатканы - бул түшүнүктүү. Бул жерде 2 нерсе бар болушу мүмкүн. Биринчиден, эркин маалымат булагына кысым көрсөтүүнүн бир амалы. Экинчиден, бул менин Тышкы иштер министрлигинде болуп жаткан коррупция тууралуу айтканыма каршы өч алуу деп дагы ойлойм. Эң жогорку кызмат өлкөдө президенттин орду эмеспи. Президент тикелей жана кыйыр түрүндө дагы "фас" деген команданы берип жатканы байкалып жатат. Жогорку кызматтагы адам ушундай команданы берип жатса, бүтүндөй мамлекеттик машина ошол нерсени ишке ашырганга аракет кылат. Эртели-кеч ушул команданы аткаргандарга дагы, буйрук бергендерге дагы тиешелүү өзүнө карата жоопторун тарых өзү берип коёт. Президент - юридикалык жактан, факты жагынан президент, бирок моралдык жактан президент болуш үчүн адилеттүүлүктү камсыз кылышы керек. Эгер адилеттүүлүктү камсыз кыла албаса, моралдык жактан президент деп айтууга татыксыз. Мен мурда да айтып келгем, бул адам моралдык жактан адилетсиздикке жол берип жаткандыгына байланыштуу мындай адамды президент деп айтууга оозум барбайт. Башкача айтканда, коомубуз, мамлекеттик институттар кайсы бир деңгээлде өнүгүп жатат деп ойлойм. Мисалы, Акаевдин режими кезинде ушундай басымдар көбүрөөк болуп келген. Кийинчерээк бул нерсе таптакыр башкача нукка бурулуп кетти, мисалы, коркутуулар, физикалык жактан таасир этүүлөр ж.б. Андан кийинкиде чоңураак айып пулдарды салуу сыяктуу адилетсиздиктер болуп кетти. Бүгүнкү көрүнүштү азыркы күндөгү кысымдын башы го деп жатам. Мындай нерселерге коом унчукпайт, баары көз жумат. Анан башкаруучу бийлик кантип ажыдаарга айланып кеткенин өзү дагы, коом дагы билбей калат".
12:10. Саат 10:15те "Супер-Инфо" гезитинин директору Шайиста Шатманова суракка кирип кеткен. 2 сааттан ашык убакыт өткөндө сурактан чыкты. Ал суракта эмне суроолор берилгени тууралуу айтып берди.
"Мени Т.Насыкулов аттуу жарандын жазган арызынын негизинде чакырышыптыр. Ал жаран ушул жылдын 30-январында "мен кайсы бир гезиттерди алып окуйм. Ал гезиттер басылган "ЖМКларды колдоо борборунун" сайтында көрсөтүлгөн нускалардын саны менен гезиттердин өзүндө жазылган нускага дал келбейт экен" деп жазган. Эң кызыктуусу ал арызда "Супер-Инфо" гезити жөнүндө бир дагы сөз айтылган эмес, мен арызды окуп чыктым. Ал жерде "Шамбала" жана "Пирамида Плюс" деген гезиттер жөнүндө болуп жатыптыр. Мен улук инспектор Жунусовдон: "Сиз арызда көрсөтүлгөн гезиттерге кайрылдыңызбы?" деп сурасам, аларга кайрылышпаптыр. Аларды суракка чакырыша элек экен. Эмнегедир "Супер-Инфого" чакыруу болуптур. Бул нерсени кысым деп атоого болот. Себеби гезитке койгон беренеси Жоруктар боюнча кодекстин 113-беренеси деп турат. Эң кызыгы ал беренеде салык кызматы, салык мыйзамдуулугун сактоо боюнча ишмердүүлүк жөнүндө эч нерсе жок. Ал жерде кайсы бир ишмердүүлүккө, ишмердүүлүктү жүргүзүүгө тыюу салуу деп турат. Башкача айтканда, 113-берененин негизинде "Супер-Инфонун" ишмердүүлүгүнө тыюу салуу аракети болуп жатабы? Мен да азыр ушул суроо менен чыктым. Эмне үчүн 113-берененин негизинде салык кызматынан текшерүү келип жатат түшүнүксүз. Биз салык кызматынын пландык текшерүүсүнөн өз убагында эч нерсени жашырбай эле өтүп келебиз. Мына жакында эле келип текшерип кетишкен. Акыркы текшерүү 3 ай мурун болгон. Буга карабай эле бизге арыз түшүп жатат. Ал арыздар мен жогоруда айткан гезиттердин үстүнөн "ЖМКларды колдоо борборунун" үстүнөн болуп жатса, эмнеге "Супер-Инфо" суракка чакырылышы керек? Мен инспекторду деле түшүнүп турам. Буйрукту кимдир бирөө берет, ал аны аткарат да. Менин берген суроолорума, чакыруунун себебин сураганыма ал деле жүйөлүү жооп айта албай жатты. Чынын айтсам, бүгүнкү күнгө чейин Насыкуловдун арызын көрө элек болчумун. Ал арызды көргөндөн кийин менде аябай так картина түзүлдү. Арызда "Шамбала" жана "Пирамида Плюс" деген гезиттер турат. Арыз фонддун үстүнөн жазылып турат. А инспектор өзү эле текшерүүнү "Супер-Инфодон" баштайбыз деп ачык айтып жатат. Эми инспектор Жунусов 113-беренени коюу менен 2 токтом чыгарган. Ошол токтомдорун жокко чыгаруу боюнча Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна жактоочуларыбыз кайрылышкан. Бүгүн саат 2де ошол соттук отурум болушу керек. Биз биринчи эле кадамды ошол Жоруктар жана жосундар боюнча кодексти, ошондогу беренени коюп туруп анан салык кызматын текшерүүгө жөнөтүп жатканынын үстүнөн арыздандык".