"Супер-Инфого" негизсиз асылгандар эртең жооп берерин унутпасын" деп депутат Жанар Акаев билдирди.
Жанар Акаев белгилегендей, суракка чакыруунун өзү - бул куугунтук.
"Биз эркин медиага кысым көрсөтүүнүн арты кандай бүтөрүн көрүп келе жатабыз. Мен Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына бир эле сөз айткым келет. Көз карандысыз, чындыкты жазган эркин басылманы ооздуктаган кишилер, алардын тапшырмасын аткаргандар азыр кайда? Өзүңөр жакшы билесиңер. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын башчысы Бакир Таиров мырзага мен ушул жерден кайрылып кетейин, мыйзамсыз сурагыңар үчүн эртең жооп берериңерди унутпагыла. Чындыкты жазган медиа, журналисттерден коркпогула, чындап коррупцияга каршы күрөшөм деген ниетиңер болсо, аларды тескерисинче колдоп, жардам сурагыла", - дейт депутат.
“Супер-Инфо” гезитинин жетекчиси 18-мартта Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына (Финпол) суракка чакырылды. Буга “ЖМКларды колдоо борборунун” сайтына 2012-жылы жайгаштырылып, ошол боюнча жаңыланбай калып калган жаңылыш маалымат негиз болгон.