"Бийликтин максаты Финпол аркылуу "Супер-Инфонун" ишмердүүлүк жүргүзүүгө тыюу салуубу деген суроо жаралууда" деп бүгүн, 19-мартта "Оппозициялык "Супер-Инфо" гезитине карата бийликтин чабуулу" аталышындагы маалымат жыйында "Супер-Инфо" гезитинин директору Шайиста Шатманова билдирди.
"Биздин колубузда салык кызматынан 2013-жылдан берки 4 тосмо текшерүүлөрдүн актылары бар. Финпол билдирип жаткандай, текшерүүлөрдөн качкан компания эмеспиз. Биз ар дайым пландык да тосмо текшерүүлөрдөн да өтүп келебиз. Ошол себептен Финполдун 15-мартта "текшерүү үчүн документтерди бербей жатат" деп тараткан маалыматы чындыкка дал келбейт. Салык кызматынын тийиштүү текшерүүлөрүнөн өтүп келе жатат.
Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын инспектору чыгарган токтомго ылайык, "Супер-Инфону" жоруктар боюнча кодексинин 113-беренеси менен айыптагысы келип жатат. Ал берененин айып жазасында бир учур өзгөчө көңүлүбүздү буруп турат. Эгер айып далилденсе, анда белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же белгилүү бир ишмердүүлүктү жүргүзүү укугунан ажыратылат" деп жазылат. Финпол аркылуу бийликтин максаты "Супер-Инфонун" ишмердүүлүк жүргүзүүсүнө тыюу салуубу деген суроо жаралууда", - деди Шатманова.
"Супер-Инфо" гезитинин жетекчиси кечээ, 18-мартта Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына (Финпол) суракка чакырылды. Буга чейин 14-мартта чакыруу болуп, буга “ЖМКларды колдоо борборунун” сайтына 2012-жылы жайгаштырылып, ошол боюнча жаңыланбай калып калган жаңылыш маалымат негиз болгон. Финполдун инспекторунун берген суроолоруна эки сааттай жооп берип чыккан гезиттин директору Шайиста Шатманова аталган мекеменин негизсиз суракка чакырышы боюнча Биринчи Май райондук сотуна арыз менен кайрылышканын айткан. Бүгүн саат 13:00дө аталган арыздын негизинде соттук отурум болмокчу.